Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте КСДПнын XVIII съезди болуп өтүп, андан кийин уюштурулган маалымат жыйынында партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
-Бүгүнкү социалдык-саясый абалга кандай баа бересиз?
-Конституция боюнча өлкөнүн президентинин эң башкы жоопкерчилиги конституциянын 60-беренесине ылайык, президент эл менен мамлекеттик бийликтин бүтүндүгүн, биримдигин көрсөтөт. Башкача айтканда президент элдин биримдигин жана эл менен мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылыш керек. Биз байкап турабыз, бүгүн президент өзүнүн милдеттерин таптакыр аткаралбай жатат. Ал мамлекеттик бийликтин администрацияларын, күч структураларын өз элине каршы тукуруп жатат. Биз Ошто партиянын облустук конференциясын өткөрүү үчүн имарат да таба албадык, айла кеткенде Анвар Артыковдун үйүндө өткөрдүк. 2015-жылды эстегилечи, партиялар каалаган жеринде каалаган конференцияларын, съездерин өткөрө алышчу, театрларда, филармонияда, стадиондордо өткөрүшчү. 2017-жылды эстегилечи, президенттик шайлоодо ким каалаган жеринде жыйндарды өткөрө алчу. Башкача айтканда биз 1,5 жыл ичинде Кыргызстан кайрадан Бакиевдин тартиптерине кайрылып келгенин байкап турабыз. Бакиевдик атмосфера! Коркуу менен сатып кетүүнүн атмосферасына кайтып келдик. Бул албетте өкүнүчтүү!
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ