Menu

Видео – Рыскелди Момбеков: “Мен Атамбаевди сатпагам, эми Сооронбай Жээнбековду да сатпайм деген сигнал бердим”

Бөлүшүү:

«Алмаз Шаршенович, көпчүлүктүн көзүнчө сизге баса айтайын дегеним, сиздин жансакчыларыңыз бардыгы жанбакчылар болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты, буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясый кырдаалдын ушундай туңгуюкка кептелишине сиздин толук күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздерге ишенгенсиз, жандоочторуңузга ишенгенсиз, алардын баары сизди мына ушундай күнгө алып келди. Сиз “танда!” деген кишини биз тандадык, сиз “шайла!” деген кишини биз шайладык, анан эми сиз бүгүн “жайла!” десеңиз жайлай албайбыз да, бул туура эмес болуп калат, эч кандай логикага туура келбейт деп, ачуу чындыктын баарын айттым”, – деп билдирди бүгүн, 6-апрелде журналисттерге КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков КСДПнын жабык съездинен чыккандан кийин.
“Сиз 7-апрелдин баатырларына “Манас” орденин берсеңиз болот эле, бирок сиз “Манас” орденин Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновго гана бердиңиз деп айттым… Бакиевди саткандар сизге кирди, сизди саткандар азыркы ажонун алдына киришти, эртең алар башканын алдына киришет. Бизде Кокон хандыгынан бери кошоматчылык өкүм сүрүп келет. Сиз ушуну 6 жылда сындыра албай койдуңуз. Сиз ошол кошоматчыларыңыз менен бийликти башкардыңыз, ошол саткынчыларыңыз менен бийликти башкардыңыз дедим. Элдин баары укту. Мойнуна алды, мойнуна албашка аргасы жок да. Ал кишиге оор болду, чындык ачуу болот да”, – деди Рыскелди Момбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: