Menu

Видео – Кундуз Жолдубаева: “КСДПнын съезди Атамбаевдин президенттик мезгилин аябай ийгиликтүү болду деп тааныды”

Бөлүшүү:

КСДПнын 18-съезди бүгүн, 6-апрелде өтүп, анын жүрүшүндө 2 резолюция кабыл алынды. Бул туурасында партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева расмий билдирди.

Анын текстин толугу менен келтиребиз:

«Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын 18-съезди, 8 жыл мурда КСДП А. Ш. Атамбаевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөнүн жана ал көрсөтүлгөн ишенимди актаганын белгилейт.

2011-2017–жылдар туруктуулуктун жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келтирилишинин бекемделген мезгили болуп калды. Кыргыз Республикасынын  Президенти  Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы беш жылдык мөөнөткө кабыл алынды жана анын кыйла дымактуу болгонуна карабай, стратегиянын негизги жоболору ийгиликтүү ишке ашырылды.

Натыйжада А.Ш. Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аякташына эл менен мамлекеттик бийликтин биргелешкен күч аракети, биздин партиянын жана коомдогу башка прогрессивдүү күчтөрдүн активдүү катышуусу менен Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна чыгаруу боюнча жетишерлик шарттар даярдалды.

Маалым болгондой, А.Ш. Атамбаев президенттик милдетин ишке ашыруу мезгилине карата 2011-жылдын 1-декабрынан тарта өзүнүн КСДПдагы мүчөлүгүн убактылуу токтоткон жана партиянын иши менен байланышкан ар кандай иш-аракеттерди токтоткон.  Президенттик ыйгарым укуктары аяктагандан кийин А.Ш. Атамбаев 2017-жылдын 24–ноябрында партиядагы мүчөлүгүн кайра жанданткан, ал эми 2018-жылдын мартында кайрадан КСДПнын төрагасы болуп шайланган.

Жогорудагы айтылгандарга байланыштуу Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын 18-съезди чечим кылат:

1. Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы тарабынан мамлекет башчылыгына көрсөтүлгөн А. Ш. Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматындагы 2011-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 24-ноябрына чейинки ишмердүүлүгү жактырылсын жана ийгиликтүү деп табылсын.

2. А.Ш. Атамбаев тарабынан президенттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жүргүзүлгөн 2011-2017-жылдар Кыргызстан үчүн туруктуулуктун, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүнүн, улуттук духту көтөрүүнүн, элдин биримдигин жана кайра калыбына келтирилген мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн жана өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолуна түшүү мезгили болгону көңүлгө алынсын».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: