Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте КСДПнын XVIII съезди болуп өтүп, андан кийин уюштурулган маалымат жыйынында партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
-Сиз үй бүлөлүк кланга каршы күрөштүм деп жатасыз, баарыбызга белгилүү ушул Сооронбай Жээнбековго да каршы иштеп жатпайсызбы, анан сизге көпчүлүктөн мындай суроо туулат да, сиз өзүңүздүн жаныңызда жүргөн жоро-жолдошторуңузду камакка алып, өчөшүп, куугунтукка алып жүрөсүз да, анан саясаттан кетип эс алайын деген оюңуз жокпу?
-Анда мамлекет талкалана берсинби? Эл бөлүнө берсинби, мен жыргап эс алып жүрө берейин, эгер мен андай жыргап жашайын десем, жыргап жүрө бермекмин, колумда деле бар, бирок мамлекетти да ойлош керек да. Бир акындын татынакай сөзү бар “Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” деген. Ата-Журтубуз момундай кыйын мезгилге келгенде, Ата-Журтубуз 1,5 жыл ичинде мына, Бакиевдик командага кайра келгенде жүрөгү таза адамдар, Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдар үйүндө жыргап олтура албайт, жыргап жашай албайт. Биз баардыгыбыз тең Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүбүз керек. Бул биздин мекенибиз, карегибиздей мекенибиз…
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ