Menu

Видео – Эдил Байсалов: “2010-жылкы конституция жарабай калды – олигархиялык парламент түзүлүп, эл бийлиги эмес, акча бийлиги, байлардын бийлиги, уурулардын бийлиги келди”

Бөлүшүү:

“2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан ким утту? Айтып атпайбызбы, “ким утту, эмне утту?” деп жатпайбызбы, ким утту 7-апрелден? Карапайым эл уткан жок!” – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Отунбаеванын аппарат жетекчиси Эдил Байсалов 5-каналдын “7-апрель: эмне уттук, эмне уттурдук?” телеберүүсүндө.
“Калың-катмар эл уткан жок, анткени мен толугу менен дагы бир жолу кайталайм: экономикалык жактан биз азыр жок эле дегенде эки эсе байыраак жашамакпыз, Бакиевдердин бийлиги уланганда, бул эми сөздүн ачыгы. Бул факт! Бирок ким утту? Байкап көрсөңүздөр, ошол эле Бакиевдин учурунда, жанагы байлар, чоңдор, түнүчүндө уктачу эмес, уйку жок болчу. Кимиси чала калат, кимиси каяк жагымды ала калат, ошол сыяктуу сарсанаа менен жаткан адамдар, биздин балдардын жеңишин алып, жемишин ошолор көрүштү. Анткени олигархиялык парламент түзүлдү дагы, баягы мурун биз эски Латиноамерика жөнүндөгү кинолордогудай, демократиянын жыты да, Д деген тамгасы да жок, анткени ал жерде эл бийлиги эмес, акча бийлиги, байлардын бийлиги, уурулардын бийлиги болуп, ошону азыр парламенттик демократия деп кайра бизге, баягыдай сооротуп жатышат да. Ал жерде эч кандай демократия жок, анткени, элибиздин эч кандай тиешеси жок Жогорку Кеңешке. Жогорку Кеңешке тиги өкмөттүн да тиешеси жок болуп жатат, анткени Жогорку Кеңешти дагы алар азыркы учурда өкмөткө эртең көчөдөн бирөөнү жетелеп алып келсе да, кимисин алып келсе да Премьер-министр кылып шайлап берип жатышат же министр кылып дайындап жатышат. Ошондуктан азыркы бийликтин тилекке каршы, элге эч кандай тиешеси жок жана сөздүн ачыгын айтканда – 2010-жылы кабыл алынган жаңы конституциябыздын мына, жыйынтыгына дагы жана жарабай калгандыгына да ишендик”, – деди Эдил Байсалов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: