Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду.

Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: