Menu

Видео – Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Бир кезде Өмүрбек Текебаев “Партия келечекте чоң бир бизнеске айланат, мен партия аркылуу бир чоң бизнес кылам” деген эле”

Бөлүшүү:

“Бир партиянын аябай күчтүү лидери бар, ошол лидеринен мен “Азаттыкта” иштеп жүргөндө (1998-2005-жылдар – редакция) “сизге эми бул партиянын эмне кереги бар?” деп сурадык. Анда партиялык тизме дагы жок болчу, “эмне эле ушул партияга жармашып калдыңыз?” десек, ошол лидер айткан: “Партия келечекте чоң бир бизнеске айланат, мен партия аркылуу бир чоң бизнес кылам” деген”, – деп билдирди КР Президентинин алдындагы “Мурас” фондунун жетекчиси, тарых илиминин кандидаты, журналист Кыяс Молдокасымов 5-каналдын “Кыргызстандагы саясый партиялардын ишмердиги” аттуу телеберүүсүндө.
“Ал кайсы лидер, ким эле?” – деп сурады журналист Керим Айдаров.
“Эми ачыгын айтканда, биздин “Азаттык” радиосунда мурда иштегендердин баары билет, бул Өмүрбек Текебаев. “Мен муну чоң бизнеске айландырам!” деп ачык айтканы бар. Текебаев чындыкты бетке айтты. Өткөндө кыргыздын патриот жигиттеринин бири Алтынбек Сулайманов да туура айтты “Эгер биздин бизнесибизге тоскоолдук кылбасаңар, биз бизнесибизди жасап эле, бул парламент деп жүгүрбөйт болчубуз” деп бул дагы бетке айтты. Мунун да жөнү бар. Анан мына азыр жакшы сөз айтылды “кадырына карабай, капчыгына карайт” деп. Азыр канчалык кадырлуу болсоң да ал жакка барып, добуш ала алабайсың, ал жакта капчыкка карайт. Анан азыр партияларга мындай, жанагы кадимкидей аукцион да, ошол аукциондо жанагы “алтын тизме” деген чыкты. “Алтын тизме” дегенге катышып, ошонун 500 миң доллар береби же 1 миллион доллар береби, ошону берет, элдин алдына чыгып бир идеяны айтпайт, парламентке келип, бир идеяны айтпайт, жолугушууларга барбайт. Бирок, ошол партиядан даяр депутат болот. Бул ушулардын бардыгы партиялардын кадыр-баркын кетирип жатат. Жаштар бир жакшы улуттук программа менен, мекенчил программа менен жакшы бир нерсени көздөп жатат. Алар ишенип жатат, алар чет өлкөнү көрүп келди. Биз ушундай бир багыт менен келечекте, ушул шайлоого катышып, биз ушундай бир ийгиликке жетебиз деп. Бирок алардын баары бул утопия. Жөн эле идея, куру идея. Алар элге барганда да ошол идеялар менен добуш алалбайт. Дагы эле, мына, 2020-жылы дагы эле ошондой, кадимкидей аукцион болот. Кадимкидей капчыктуулардын жанагы заманы, таймашы болот. Ал эми бул барган сайын кыргыз элин бул улуттук дегредацияга учуратып, кадырлууларынын кадырын кетирип, анан капчыктууларынын аброюн көтөргөнү мына шайлоолордон көрүнүп жатат”, – деди тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

Булак: KyrgyzToday

Видео: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: