Menu

Бийлик Келдибековдон сак болсо…

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев ачык карама-каршы багытка өтүшкөнү айкын болгондон бери, ортодо ор казгандардын дагы чыныгы жүзү ачыла баштады. Буга дейре эки лидерди тымызын кайраштырып, ортолоруна от жагып келгендер эми ачык эле бирин-бири жок кылса экен дегенге өтүштү. Өкүнүчтүүсү, мындай ойдогулар кечээ эле кылмышка шектелип абакка отуруп чыккан, арты таза эмес, куйругунда калбыры барлар. Мына коррупцияга айыпталып 10 миллион сом айып төлөп жазадан жеңил кутулуп кеткен Ахматбек Келдибеков: «Бийликтин Атамбаевди жоопко тартканга саясий эрки жетет» – деп ачык эле тукуруп жатат. Эптеп эле керт башынын өчүн алыш үчүн бийликти жарга түртүүдө… Атамбаев камалып коомдо чоң жарылуу болсо, Келдибеков куйругун түйүп билмексен болуп чыга берет. Бийлик ушундай «котур ташын койнуна каткандардан» сак болсо…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: