Menu

Темирлан Ормуков, акын: “Атамбаев, сен Бакиевден да төмөн турган, чыккынчы президент болдуң!”

Бөлүшүү:

Көзү майып акын, коомдук активист Темирлан Ормуков өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жаңы пост жазып, экс-президент Атамбаевге кайрылды:

Эй, Атамбаев! Алты жыл ажо болдуң ошол кезде сенин Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрүүгө алты миң мүмкүнчүлүгүң бар болчу, бирок аны пайдаланбадың… Бакиевдин мезгили келди дейсиң… Бакиевдин мезгили жаман беле? Албетте Бакиев качкын! Бакиев канкор! Бирок Бакиев Кыргызды карызга батыргандардан эмес… Айтчы өзүң, сенин убагыңда көбөйгөн карызды ким төлөйт? Кантип төлөйбүз?

Кытай эртеңки күнү карыздын эсебинен жер сурабайт деп ким кепилдик бере алат? Кууланба Алмаз! Саясатка киришпе! Кет саясаттан! Рахмат биз көргөнбүз, билгенбиз сенин кылганыңды! Ыраазыбыз сага, сенин тынч отурганың, элди дүрбөтпөгөнүң эле Кыргыз элине кылган кызматың болот!

Кыргызды карызга батырдың! Сенин доорунда чет өлкөгө миграция кылып иш издеп кеткендер көбөйүп элди тентиттиң! Учагыңды кулатып, бейкүнөө наристелердин өлүмүнө себепчи болдуң! 2010-жылы 7-апрелде Элди дүрбөтүп окко түрткөн да сен болчусуң! Мамлекеттин талкаланганы тууралуу башкалар айтса да сен айтпагын, анткени ошол талкалоонун башатында сен турасың!

СДПК партияңдын саткындары Жээнбековдор болсо, сен бүтүндөй Кыргыз улутунун саткынысың! Себеби паспорттон улутту сен алдырып салгансың! Сен карызга батыргансың! Чындап Кыргызга жакшылык кааласаң анда тышкы карыздын үчтөн бирин төлөп бер! Анте албасаң анда тынч отур! Сен чыккынчысың! Сен Бакиевден төмөн турган президент болгонсуң! Ден-соолукта бол Алмаз! Көп жаша Алмаз! Кудай сага өтө узун өмүр берсин, акыркы небереңдин кара ашын жегидей кылып өмүр берсин! Сени туудурган Шаршенге нааалат! Сени тууган энеңе наалат!”

Темирлан Ормуков, акын

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: