Menu

Гүлнара Каримованын адвокаты өзбек кесиптештерин «үндөбөгөн» жактоочулар деп атады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) өзбек кесиптештери тууралуу пикирин билдирип, аларды «үндөбөгөн» адвокаттар деп атады.

«2016-жылы декабрда алгачкы жолу Гүлнара Каримова менен жолугууга уруксат беришкен. Ташкенттеги эки күндүк угуулар маалында Каримова тарабынан дайындалган өзбекстандык адвокаттар бир дагы жолу ооз ачышкан жок. Басым алдындагы үндөбөгөн адвокаттар. #Адилетсиз адилеттүүлүк», – деп жазды швейцариялык адвокат.

Грегуар Манжа 1-апрелде «Твиттердеги» баракчасына Ташкенттин четиндеги аялдар абагында Гүлнара Каримова менен жолукканын жазган. 3-апрелде болсо өзбек бийлигине кайрылып, Каримованын калган жаза мөөнөтү кандай эсептелип жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнгөнүн билдирди.

Күн мурун Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 1-2-апрель күндөрү швейцариялык адвокаттын Зангиата абагында камакта жаткан Гүлнара Каримова менен жолугуусуна уруксат берилгенин ырастады.

Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги абакка которулганын билдирген. Мекеменин билдирүүсүндө «үй камагында Каримова сот тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгына байланыштуу» жалпы режимдеги абакка которулганы жазылган.

2015-жылы Каримова Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кирүүнү каалаган компаниялардан миллиард долларга жакын пара алган деп айыпталып, ага каршы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголгон.

Өзбекстанда болсо Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмышка айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Анда ал салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийинчерээк Ташкент облустук соту анын жаза мөөнөтүн 5 жылга кыскартып, үй камагына чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: