“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровго асылып, сүйкөнүп сүйлөгөндөр көбөйдү. Алардын көпчүлүгү “Бийликти сындап жаткан Мадумаров, ушуну сөз менен болсо дагы жөөлөп өтсөм бирөөлөр байкап калаар” деген көрпенделик үмүткө ээрчигендер. Өзү менен бетме-бет чыгып кала турган болсо, карышкырды көргөн ит куйругун чатына тыга калып качкан кейипке түшөт. Баткендеги жерди тажиктерге берип койгон Мадумаров, ал чыккынчы дегендер ошол жерге өмүрү бут басып барбаган болуш керек. Эгер баткендиктердин жерин тажиктерге кармата берген Мадумаров болсо, эмне үчүн шайлоо сайын Адаханды алаканга салган баткендиктер болууда? “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дейт. Мадумаровго асылгандар биринчи өздөрү асылган адамынан жогору болуп, ашынган мекенчил экенин далилдесе оң болмок. “Атамбаев менен биригип кетти. Акчалуу менен бириге берет” деп маалымат таратканга аракет кылышты. Анысына “Мамлекетти шоопуру менен жансакчысына башкартып, коррупцияга малган адам менен эч качан бирикпейм” деген татыктуу жооп алды. Саясаттагы арстанга асылуу үчүн ошол тепкичте болуу оң болсо керек. Ал үчүн жүрөктө жок дегенде арстандын 3-4 кылы болуусу зарыл. Азыркылардын арстан экенине эч ким ынанбайт. Эртең мененки абалын түштөн кийин өзгөрткөн хамелеон, куйругун кесип кете берген кескелдириктер.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ