Menu

Душанбеде коомдук дааратканалардын тартыштыгы маселе жаратууда

Бөлүшүү:

Душанбеде коомдук дааратканалардын аздыгы шаар тургундары үчүн чоң көйгөй жаратып келет. Мындан улам борбордун жашоочулары менен меймандары административдик имараттардын жана соода борборлордун ажатканаларында кезек күтүүгө аргасыз.

Душанбедеги «Chicken» деп аталган тез татым жайынын кызматкеринин айтымында, дем алыш жана майрам күндөрү аларда ажатканага кирип алуу үчүн кезекке тургандардын саны өтө көп болот.

«Абдан көп адам чогулат. Мындан улам ажаткана тез эле бузулуп, айрым учурларда бир күндө эки жолу сантехник чакырууга туура келет», — деди ал.

Душанбенин тургуну Елена Борисованын айтымында, коомдук дааратканалардын тартыштыгынан улам айрым жарандар жол жээктеринде же далдоо жерлерде заара кылууга аргасыз болушат. «Бул борбор үчүн чоң кемчилик. Шаар жетекчилиги бул маселени тез арада чечиши керек», — деди ал.

Ал ортодо калаа бийлиги аларда заманбап коомдук ажатканаларды куруу планы бар экенин билдирип, ошол эле маалда дааратканаларды көп орнотуу шаардын көркүн бузарын белгиледи.

Коомдук ажатканалардын жоктугунан улам жакында Душанбеде кайгылуу окуяга болгон. 31-мартта милиция кызматкерлери Душанбенин Умед Хикоятов аттуу тургуну суу жээгинде заара кылып жатканын көрүп, аны милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Анда алар шаар тургунун катуу сабашкан. Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилип, табарсыгына операция жасалган. Бирок ал катуу жабыркагандыктан, анын урук бездерин калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: