Menu

Дүйшөнбек Зилалиев, КРдин мурдагы вице-премьер-министри: “Алар Атамбаевди ЖЭБ боюнча иле албай, эми мен аркылуу илгенге аракет кылып жатат”

Бөлүшүү:

– Акыркы төрт айда мени бир да жолу тергөө амалдарына катышууга чакырышкан жок. Алар менин жакындарым жана туугандарым аркылуу мага кысым көрсөтүп келишти. Жакында эле мени УКМКньш кызматкерлери чакырып алып, Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүмдү суранышты. Максаты ошол болгон. Мага карата жасалып жаткан аша чапкан мамиленинин маанисин эми түшүндүм. Мени сындырып, Атамбаевге каршы кызматташууга баруумду каалаган. Менден «Илмиянов аркылуу Атамбаевге кытайлык компаниядан бир лицензия боюнча маселени чечүүгө бир миллион доллар бергем» деп айтуумду суранышты. Мындай көрсөтмө берген учурда мен күбө катары өтөрүмдү айтып, УКМКнын СИЗОсунан чыгарууну убада кылышты. Биз албетте мунасага келе алган жокпуз. Эми мага карата козголгон кылмыш иши жасалма экенин, калыс чечим күтүүгө үмүт калбай калганы түшүнүктүү болду. Алар Атамбаевди ЖЭБ боюнча иле албай, эми мен аркылуу илгенге аракет кылып жатат. Коррупция менен күрөштүн жүзү ушундайбы?

(УКМК 2о18-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премъер-министр Д. Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Р.S. Зилалиевдин билдирүүсүнөн көп өтпөй УКМК жооп кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов Д. Зилалиев тараткан маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирип: «Учурда Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бирок, Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу максатында жасап келген. Ошол себептен УКМК анын кезектеги билдирүүсүн сот жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бул маселени саясий өңүткө буруу аракети катары баалайт, – деген жообун кайтарды. Ал эми биз бул билдирүүлөрдүн ак менен карасын окурман журту өздөрү аңдап алаар деген ойдобуз.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: