Menu

Роза Отунбаева, экс-президент: “2010-жылы түштүктө КСДПнын эчтекеси жок болчу, Асылбек Жээнбековдун салымы жана эмгеги чоң…”

Бөлүшүү:

Жаз келгенге «эпкини» кармап эки күндүн биринде жеке менчик каналы аркылуү бийликтин үстүнөн «жугунду төгүп жаткан» экс-президент Атамбаев тууралуу учурунда ага бийликти өткөрүп берген экс-президент Роза Отунбаева «агынан жарылды». «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнө катышып «кара кылды как жарган» калыстык менен жооп берди.

Июнь окуясы боюнча Атамбаев “апакай” эмес

Ал тарыхты кайра жаза албайт экенибизди белгилеп, Атамбаев июнь окуясынан өзүн оолак кармап таза «апакай» бойдон калгысы келгенин айтты. Отунбаеванын ушул сөзүнөн эле Атамбаевдин бир гана «өз көмөчүнө күл тарткан «адам экенин илгиртпей байкоого болот. Болбосо, түштүктө кан төгүлүп жатса элдин башында турган адамдын «ак карга бойдон» калгысы келгени акылга сыярлык иш эмес. Демек, Атамбаев үчүн мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгы дайыма эле өйдө турган шекилдүү.

Атамбаевдин бийлиги Бакиевдикинен кем калган жок

Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусунан кутулуу үчүн 87 эр азаматтарыбыз окко учуп анын ордуна келген Атамбаев деле кландык башкаруунун башкача ыкмасын менен мамлекетти башкарды. Туугандары бийликке жолобогону чындык. Бирок, Фарид Ниязов баш болгон «ат кошчулары», «таразачылары», «жан сакчылары», «кабылдама катчылары» жана «шоопуру» мамлекетти башкарды. Муну Роза Отунбаева да тастыктап «революциялык иштер башында эле калып калды жана Фарид Ниязов экөө өзүнчө концепция менен кетти. Бул кишинин абдан көп субъективдүү көз караштары бар экен. Командасы Фарид менен шоопур, аягы туңгуюкка кептелди. Жанында бир-эки киши эле калды»- деди.

КСДПнын ичтен «ирип» жатканы АШАнын күнөөсү

Кептин нугу КСДП партиясына бурулганда Роза Отунбаева партиянын «ичтен ирип» жатканына анын лидери Атамбаев күнөөлүү экенин айтты. Ошондой эле, Атамбаев эч качан партия менен иштебейт, чоң жыйындарда эле сөз сүйлөп туруп кеткенин кошумчалады. Мындан тышкары, Атамбаевдин планы баарына түшүнүктүү болгонун, эми «түштөн кийин» өзүн периште көрсөткүсү келгенин белгиледи. Аягында, азыркы бийлик, аларга ашыкча көңүл бурбай эле коюш керек деген оюн ортого салды.

Жээнбековдор кландык башкарууга барат деп ишенбейм…

Отунбаева бир тууган Жээнбековдор тууралуу да өз пикирин билдирип «Жээнбековдор кланга барат деп ишенбейм, катуу тарбия көргөн үй бүлө» – деди. Маектин жүрүшүндө экс-президент парламенттин алсыздыгынан улам ыйгарым укуктарын толук пайдаланбаганын, экономикалык маселелерди көтөрбөгөнүн айтып, Өкмөттүн ишинде да чабалдыктар болуп жатканын белгилеп өттү.

Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен болгон күрөшүн кубаттап эки Премьер-Министр түрмөдө отурганын, Жээнбеков өзү Премьер-Министр болуп жүргөндө терс иштер менен кабардар болуп, кийин алардын бетин ачканын айтты.

КСДПнын абройлуу партия болушунда Жээнбековдордун салымы чоң

Айрымдар Жээнбековдор КСДП партиясы үчүн «куурай башын сындырган эмес» деген кептерди айтып жүрүшөт. Мындай сөздөр өзгөчө Атамбаевдин кожолугундагы массалык маалымат каражаттары тарабынан көп айтылат. Роза Отунбаева болсо, Атамбаевди да, КСДП партиясын да, Жээнбековдорду да жакшы билген адам катары калыс кебин айтты. Ал: «Мен Жээнбековдорго жагынайын деген жокмун, 2010-жылы түштүктө КСДПнын эчтекеси жок болчу, Асылбек Жээнбековдун салымы жана эмгеги чоң. Экөө көмөк көрсөткөн. Атамбаев «свадебный генерал» эле болуп барчу ал жерлерге. Ооба, Жээнбековду Атамбаев алып келди бийликке, бирок Жээнбеков дагы таза, коррупцияга малынбаган киши болчу, шайлоодон өтүп кетти» – деди. Демек, КСДП партиясынын абройлуу партия болушуна бир гана Атамбаев эмес, башка адамдардын да алардын ичинде бир тууган Жээнбековдордун да опол тоодой эмгеги бар.

Соңку сөз ордуна

Маектин аягында Роза Отунбаева Атамбаев менен Жээнбековдон башка да Кыргызстанда таза суу, миграция, кадр маселеси сыяктуу абдан маанилүү темалар бар, экенине токтолуп, коом болсо саясатты эле аңдып калганына кейип, «Азаттык» радиосуна кычыраган эле саясатчыларды көрсөтө бербей коомдогу актуалдуу маселерди чагылдыргыла деген сунушун айтты.

Камчы Кадыров
Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: