Menu

Валентина Шевченко, UFC чемпиону: “Ош базарын кыдырганды жакшы көрөм”

Бөлүшүү:

UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандагы сапары учурунда эмне менен алек болорун айтып берди.

«Бул жерде бир апта жүрөм. Өтө көп адам менен жоолуккум келет, бирок жетишпей калат окшойм. Убакыттын көбүн үй-бүлөм менен өткөрөм. Андан соң Санкт-Петербургга эжем Антонинанын беттешине барам»,-деди ал.

«Кыргызстандагы эки жер тууралуу такай ойлонуп жүрөм: Ысык-Көл жана Ош базары. Бул жолу дагы, убакыт болсо, Ош базарын сөзсүз кыдырам. Мен үчүн ал жер жөн гана бир нерсе сатып алчу жай эмес. Ал маданияттын бир бөлүгү сыяктуу»,-деп белгиледи Валентина Шевченко.

«Кайра качан келеримди айта албайм. Бирок бул жайында болот.  Президент Сооронбай Жээнбеков кайсы мезгилде келсең да кубанычтабыз деп айтты»,-деп жыйынтыктады ал.

Валентина Шевченко Кыргызстанга бүгүн келди.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: