Menu

Эчак эле камала турган Улан Рыскуловдун эркиндикте жүргөнү бизге табышмак…

Бөлүшүү:

Президенттин демилгеси менен коррупцияга каршы башталган күрөш ырааттуу түрдө жүргүзүлсө мамлекеттин өнүгүшүнө да, жемкорлордун тыйылышына да өбөлгө түзүлөт эле. Дегенибиз, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен айрым бир элди тоногон жексурларды коомчулук ачык билип турса да жазаланбай, кызматтан кетүү менен чектелип жатканы, жеп-ичкендер шапар тээп, тайраңдап жүргөнү зээнди кейитүүдө.

Маселен, жыл башындагы Коопсуздук кеңешинде Президент тоо-кен тармагы боюнча атайын жыйын уюштуруп, ит бекер берилген лицензияларды айтып, кен-байлыктар жаатындагы чоң көйгөйдү көтөргөн эле. Бирок, КР өкмөтүнө караштуу өнөр жай, энергетика жана жер-казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин бир нече убакыт башкарып, кыргыз өлкөсүнүн тоо-кен тармагын болушунча «майкаңдаган» Улан Рыскулов деген неме эркиндикте сайрандап жүрү. Улан Рыскуловдун артын казса бир нече фактылар калкып чыгат эле. Эгерде коррупцияга каршы күрөш акыйкат жүрө турган болсо Улан Дуулатович токтоосуз түрдө жазасын алып, алдакачан абактагылар менен «табакташ» болуп олтурмак. Бирок, кызматтан кетүү менен гана «жазаланган» Рыскулов көчөдө ээн-эркин эле басып, «чалчактап» жүргөнү көп суроону жаратууда. Же эмне, жегендеринен бөлүшүп коюп ишенимдүү эл аралап жүрөбү? Президент айтты эле, коррупционерлер эл аралап баса албай калган күнгө жетишибиз керек деп. Ошол күн качан келет болду экен?

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: