Икрамжан Илмиянов жана Фарид Ниязов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин курамына кирген жок. Кирбегендигинин сыры эмнеде? Көрсө бул эки эргул саясий кеңешке кирүүнү каалашпаптыр. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, Ниязов жаштарга орун берүү максатында кеңешке мүчө болуудан баш тарткан.
«Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана «Апрель» коомдук фондунун аткаруучу директору бойдон кала берет», – деди Жолдубаева.
Ал эми Илмиянов болсо 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодон соң партиялык иштерден алыстагысы келерин билдирип, былтыр бул каалоосун ырастаган.
Жолдубаева Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязов КСДПнын мүчөсү бойдон кала берерин кошумчалады. Албетте мүчө болуп кала берет. Алар кеңешке мүчө болбой эле “серый кардинал” кызматын кыла берери бышык. “Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” демекчи саясий кеңеште мүчө болуп, кандай саясат жүргүзгөнүн көрбөдүкпү.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ