Menu

Айданбек Акмат уулу, серепчи: Ташиев-Бабанов оюну…

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыга качкан Бабанов кайра келүүнү чечиптир. Анын мындай чечим кабыл алышына Ташиевдин таасири күчтүү. Ташиев болсо жаңы шайлоо мезгили келгенин туюп, ошого жараша саясий жүрүштөрдү жасоодо. Ал жүрүштөр азырынча ийгиликтүү жана эффективдүү десек жаңылбайбыз. Биринчиден, Ташиев чек ара жаңжалында өз убагында Баткенге барып, упай топтоого жетишти. Андан кийин Москвада Бабановго жолугуп, эски тандемди реанимациялады. Президенттик шайлоодо көп добуш алган Бабанов менен тандемдеш болуу алдыдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүүгө чоң өбөлгө…
Ташиев-Бабанов жаңы жана эски тандеминин азыркы максаты Бабановду Кыргызстанга алып келүү. Андан кийин өкмөттү колго алуу. Мына ошондо эки тизгин бир чылбырды колго алган тандемдештерге парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүүгө шарт түзүлөт.
Эски жана жаңы тандемдештер Сооронбай Жээнбеков кыйын мезгилге туш болгондон да пайдаланып калайлы деп жатышат. Анткени Жээнбековдун айласын бир жагынан албууттанган АША кетирип жатса, экинчи жагынан командасы жарытып иштебей, өзү да дурустап демилге көтөрө албай-депрессияга түшүп кеткендей болуп турат…
Алдыда болсо өтө орчун маселе турат. Ал парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп, өкмөттү колдо кармап калуу. Бул жагынан бийликте алгылыктуу кадамдар байкалбайт. Президент чечкиндүү болбой маалкаткан сайын аны айланчыктаган саясатчылар, депутаттар башка жактардан башпаанек издеп, кете баштайт. Андай жараяндар бийлик айланасында жүрүп жатканы байкалат.
Эгерде алдыдагы парламенттик шайлоодо президентке караштуу партиялар жеңишке жетише албаса, анда Жээнбековдун толук кандуу президент болушу кыйындайт. Анткени, эгерде АША же Бабанов-Ташиев тандеми парламенттик шайлоодо көпчүлүктү алып калган болсо, алар өздөрүнүн оюнун ойнойт. Мына ошондо президент менен өкмөттүн, парламенттин ортосунда конфликттүү кырдаал түзүлүшүнө өбөлгө түзүлөт. Президент алсырайт.

Айданбек Акмат уулу, серепчи

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: