«Азия Мол» соода борборунда Тимати негиздеген “Black Star Burgers” ачылган. Анын франшизасын мурдагы министр Равшан Сабиров менен легендарлуу “шоопурдун” өкүл баласы Каныбек Туманбаев сатып алганы белгилүү болду. Ишкер менен байланышканыбызда “Black Star Burgers” франшизасын сатып алгандыгын жокко чыгарган жок. Бизге белгилүү болгондой алар ортодон 1 млн. доллар чыгарып сатып алышкан. Франшиза бул – даяр бизнести толук бойдон сатып алуу. Бирок белгилей кетчү жагдай Франшизада жазылган талаптар толук аткарылышы керек экен. Талап боюнча алар бардык азыктарды, жумушчуларды Москвадан алышы шарт. Анда Кыргызстаныбызга эмне пайда? Же жумуш орундары түзүлбөсө, жергиликтүү азыктарды колдонбосо? Керт башын ойлогон “келемиш” көпөстөрдүн эмне кереги бар?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ