Menu

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин дарамети жок, бирок өзүн хан сезет

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев Кыргызстандагы үстөл ургулап башкарган жетекчилердин ичинен алдына ат салдырбаса керек. Таласта “таа  сири” жок, улуу-кичүү сыйлабас, жетекчи десе эле желпине берген жетекчи катары Мураталиев сөзсүз айтылып кала берет. Акимдерин аңкылдап башкарган Мураталиев Таласга өзүн хан сезип калганын айткандар арбып кетиптир. Эми мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын деңгээли андан артык болушу деле мүмкүн эмес. Облустун башкы имаратынын ичине “Акипресс”, “Ала-Тоо”маалымат борбору, анан калса Жерүй кенин иштеткен “Альянс-Алтын” ишканасынын кеңсесин да ал жерге жайгаштырып алышы кудайга деле жакпаса керек.

Кызыгы, маалымат борборго баргандар Мураталиевден уруксат сурап, маалымат бере турган ишинин жарымын айтып, эмнени сөз кылаарынан да кабардар кылыш керек экен. Ак үйдүн ичинде олтурган маалымат борборлору элди канчалык ачык чагылдырып, туура маалыматты канчалык элге жеткире алат? Билгенге, Мураталиев Таласта бир топ абалдар жагынан чыңалууну жаратууга алып келе турган жагдайларды жаратып коюптур. Альянс-Алтындын да ал жерде турушу, жеке компанияны өзүнө байлап алганы ачык эле көрүнүп эле турат. Эки сөзүнүн бири мактанып сүйлөгөн Марат мырзанын аз күндө болуп көрбөгөндөй “былыктары” чыгаары турулуу эле иш. “Бакубат Талас” фондунан жалаң тендердин баарын жең ичинен өзү утуп жыргап атат. Драм театрдагы ишин болсо “түкүрүк” менен басты. Ал дагы асан-кайгы болоор.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: