Menu

“Хирург” 6500 доллар алып качып кеткен. Шектүү Сокулуктан кармалды

Бөлүшүү:

Алдамчылыкка шектелген киши Сокулук районунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

2019-жылдын февраль айынын аягында 38 жаштагы аял милицияга кайрылып чала тааныш Улан аттуу кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь айында бейтааныш адам аялга өзүн кардиохирург катары тааныштырып, 6500 долларын алган бойдон изин сууткан.

Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча каттоого алынган.

«Шектуү катары 45 жаштагы киши колго түштү. Ал буга чейин ушундай эле кылмышка айыпталып, камалып чыккан. Ал өзүн медицина кызматкери катары тааныштырып, элден акча алып жүргөн. Сот аны камакка алуу чечимин чыгарды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат. Эгер сиз дагы бул адамга алданган болсоңуз, милицияга (312) 60-15-67,0 (707) 28-12-12,0 (755) 81-71-87 номерлери аркылуу кабарлаңыз.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: