Menu

Мирзиёев 3,6 миллиард долларлык 27 долбоордун ишке ашырылышын жеке өзү көзөмөлдөйт

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айрым компания жетекчилеринин, ошондой эле Кашкадарья, Самарканд, Сурхандарья, Наманган, Фергана жана Хорезм облустарынын башчыларынын инвестиция маселелери боюнча орун басарларынын иши канааттандыраарлык эмес экенин эскертти.

Президенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча, 2019-жылдын биринчи кварталында бөлүнгөн инвестициялык каражаттар өздөштүрүлгөнү менен, аймактардагы айрым компаниялар менен уюмдарда жетиштүү иштер жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл Инвестициялык программанын алкагында (3,2 миң долбоор боюнча) дээрлик 14 миллиард долларлык капиталдык салымды өздөштүрүү пландалууда. Анын ичинен 320 долбоор боюнча 4 миллиард доллардан ашык тикелей инвестиция өздөштүрүү каралган.

Буга байланыштуу мамлекет башчы инвестициялардын өздөштүрүлүшүн камсыздоонун жаңы системасын киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, тикелей инвестициялардын катышуусундагы бардык долбоорлор төрткө бөлүнүп, ар бири өз-өзүнчө көзөмөлдөнөт.

Биринчи топко быйыл 3,6 миллиард долларлык тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды өздөштүрүүнү караштырган 27 маанилүү стратегиялык долбоор кирет. Алардын ишке ашырылуусу президенттин жеке көзөмөлүндө болот.

Экинчи топ 1,3 миллиард долларлык 65 ири долбоордон турат. Алардын ишке ашырылышын премьер-министр көзөмөлдөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: