Menu

Саясий партияларды – саясатты түшүнбөгөндөр жетектейт

Бөлүшүү:

Социал-демократиялык партиянын экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрү 6-апрелде өткөргөн курултайында Сөз эркиндигин коргоо комитетинин аткаруучу деректири Адил Турдукулов партиянын саясий кеңешине мүчө болуп шайланды. Аны менен Турдукулов өзүнүн журналисттик ишмердигин өз ыктыяры менен токтотту десе болот.

Ошол эле саясий кеңешке мүчө болуп кирген Дмитрий Ложников дагы өз журналисттик иштерин токтотууга тийиш, эгер ал «Апрель» телеканалынын жетекчиси бойдон кала берсе, анда телеканал КСДПнын пропагандисттик куралы экенин моюнга алган болот. Мурда деле ошондой болчу жана аны элдин баары билчү, бирок, ага карабастан, айрым экспреттер «Апрелди» маалымат каражаты деп эсептечү.

Саясий-укуктук изилдөөлөр борборуна 7-апрель күнү интервью берип, Турдукулов – ал башынан социал-демократиялык идеяга берилгенин айтып, кыргыз коомунда дагы андай адамдар көп экенин билдирди, анткени советтик мезгилде жашап калган эл социалдык теңчиликке ишенет.

«Социал-демократиялык идея биздин мамлекетте бир топ тамыр жайган, анткени СССРдеги коммунисттик авторитаризмден коом капитализмге карай бурулганда, бир том адамдын көңүлүндө социал-демократиялык идея сакталып калган, биздин эл – солчул», – дейт КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болгон Адиль Турдукулов.

Бирок маселе – Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы өзү ошол социал-демократиялык идеологияны карманбай калганында. Эгер Турдукулов андай абалды оңдойм десе, саясий кеңештин башка 40 мүчөсү ага жол бербей коюшу мүмкүн, анткени партиянын төрагасы Атамбаев өзү теңсиздикти тааныбайт жана ал мультимиллионерлердин баалуулуктарын сыйлайт.

Бирок Турдукулов андай адамга ишенет экен: «Менде прагматикалык дагы максат бар. Партиядагы бийликти мага өткөрүп бере турганы жөнүндө Атамбаев мурда бир нече жолу айткан, ошондуктан менде – анын ордун басам деген амбициям бар».

КСДПнын расми өкүлү Кундуз Жолдубаева бир күн өтө электе Турдукуловдун мындай кыялдануусун жокко чыгарып салды. Анын айтымында, партиянын төрагасы Атамбаев болгон жана боло берет. Мүмкүн, мындан 10-15 жыл мурда Атамбаев чындап эле ошентип айткандыр, бирок ага – өз алдынча ойлонгон жана аракеттенген жаштар эмес, кол бала боло тургандар гана керек.

Мисал катары КСДПнын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси Ренат Самудиновду эле келтирсе болот. Ал жөнөкөй эле праймериз өткөрүү демилгесин көтөргөн, бирок дароо партиядан куулуп чыккан. Атамбаевдин жетекчилиги алдындагы партиянын бүткүл тарыхы – ал социал-демократиялык идеяны гана эмес, саясий партия эмне экенин дагы түшүнбөгөндөй сыяктуу.

Тушүнсө дагы, ал бардык саясий идеяларды мүмкүн болушунча пас деңгээлге түшүрүп, аларды жеке таасир же жеке өзүнүн кызыкчылыгында гана чечмелейт. Маселе – анткен Атамбаев жалгыз эмес, өздөрүн саясатчы деп эсептеген көптөгөн башка адамдар дагы азыр ошондой популисттик деңгээлде жана кыргыз коому мындай абалга келгенине Атамбаевдин өзгөчө эмгеги сиңген.

«Мен ал досуңа 24 жыл ишенип жүргөм. Президенттикке чейин алып бардым. Саунага барсам, ресторанга барсам, ээрчитип алчумун аркаман», – деди 7-апрелде «Форум» ишканасынын алдында өткөн митингде президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Дал ошол себептен Атамбаевдин өзүнүн партиясы ичинде ага каршы чыккандар көп болуп, алар «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймыл түзүп, партиянын өз алдынча курултайын өткөрдү. Маселе – алар дагы жеке мамилелер деңгээлинен көтөрүлө алган жок, бирок андан дагы чоң маселе – Атамбаевдин саясий кудуретсиздигине карабай, көптөгөн билимдүү адам ага колдоо көрсөтүп жатканында.

Кандай идеяны болбосун, кандай саясий башкаруу системасын болбосун, өнүгүүнүн кандай багытын болбосун, биз Кыргызстанда колдоно баштаганда анын баарын өзүбүздүн айылдык деңгээлибизге түшүрүп салабыз. Анткени карапайым же билимсиз адамдар гана эмес, чечим кабыл алып жаткан саясатчылар дагы мамлекеттик же жалпы улуттук деңгээлге көтөрүлө албай жатат. Мамлекет жөнүндө дээрлик эч ким ойлобойт.

Нарын Айып, “Кеп ошондо” программасынан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: