Menu

Путин Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу пикирин билдирди.

Путиндин пикиринде, иликтөөнүн жыйынтыгы алдын-ала эле түшүнүктүү болгон.

«Биз башында эле Мюллер мырзанын чуулгандуу комиссиясы эч нерсе таппайт деп айтканбыз. Бул иликтөө Америкадагы ички саясий күрөш үчүн пайдаланылууда», — деген Путин Орусия АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишпегенин жана Дональд Трамп менен көмүскө бүтүмгө барбаганын кошумчалады.

Орусиянын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү тууралуу иликтөөнүн аяктагандыгы жөнүндө 24-мартта АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жарыялаган. Анда ал атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын мыйзам бузганы тууралуу фактыларды таппаганын билдирген. Ошол эле маалда тергөөчүлөр орусиялык кийлигишүүнүн эки негизги эпизодун белгилешкен. Алардын бири мыйзамды бузуу менен социалдык түйүндөр аркылуу жалган маалыматтарды таратуу, экинчиси Демократиялык партиянын серверлеринен документтерди уурдоого жардам берген хакердик чабуулдар.

​Роберт Мюллер дээрлик эки жылга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндаманы АКШнын башкы прокуроруна 22-мартта тапшырган. Баяндама АКШ Конгрессине апрелдин ортосунда тааныштырылат.

Атайын прокурор Роберт Мюллер шайлоодогу «Орусиянын изин» иликтөөнү 2017-жылы августта баштаган. Андан бери Мюллердин тобу 34 жеке адамга жана эки юридикалык жакка 200дөн ашык айып таккан. Айыпталып жаткандардын 26сы Орусиянын жарандары болсо, алтоосу АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчилери.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: