Menu

Amnesty International өзбек бийлигин экс-башкы прокурор Кадыровду кыйноолордон коргоого чакырды

Бөлүшүү:

Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму коррупцияга шектелип камакка алынган Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровду кыйноого алуу ыктымалдыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Уюм 8-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катын жарыялады. Анда укук коргоочулар мамлекет башчыны «Рашид Кадыровду жана аны менен бирге кармалган 12 экс-чиновникти кыйноолор менен ырайымсыз мамилелерден коргоого, ошондой эле алардын квалификациялык медициналык жардамдарды алуусуна шарттарды түзүп берүүгө» чакырган.

Amnesty International ал катта ишенимдүү булактарынын маалыматына таянуу менен «тергөө абагында Рашид Кадыровду жарытылуу уктатпай, ага физикалык зомбулук көрсөтүлүп жатканын» жазган.

Быйыл марттын ортосунда Ташкент облусундагы Бука районунун мурдагы прокурору Бахром Кобилов кармалганы белгилүү болгон. Ал бир канча убакыт экс-башкы прокурор Кадыровдун иши боюнча тергөө иштерин жетектеген. Өз булактардын маалыматына караганда, «Кобилов Рашид Кадыровду жана бул иш боюнча айыпталып жаткан башка адамдарды кыйноого алган» деп айыпталууда.

Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарып, 2015-жылы апрелде кызматтан алынган 67 жаштагы Рашид Кадыров былтыр 22-февралда кармалган. Ал «опузалоо», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен айыпталууда.

Рашид Кадыровдун иши боюнча сот быйыл 7-январда Ташкент шаарындагы Юнусабад райондук сотунда башталган. Ал жабык режимде өтүп жатат.

1-мартта өз булактар Кадыровго кылмыштуу топ түзүү деген жаңы айып тагылганын кабарлашкан. Анын шериктери катары кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан калган 12 экс-чиновникке кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы тагылган.

Азырынча экс-башкы прокурордун иши боюнча сот жараяны канчага созулуп, өкүм качан чыгарылары белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: