Menu

Нариман Түлеев, Бишкектин экс-мэри: “Атамбаевди коомдон бөлүп алып, мажбурлап дарылатуу керек!”

Бөлүшүү:

Атамбаев адатынча үчүнчү жак аркылуу менин дарегиме сөздөрүн айтыптыр. Менин буга чейинки айткандарыма кошумча, комментарийлерим деле жок. Жакындарымды ойлогондуктан, тарбиям да ага жол бербегендиктен, агрессияга алдырган жокмун, эгерде ал өзүн удав эсептесе, анда ал өзүнүн укугу.

Ооба, мындан башкача мүнөздөй албай турам, ал жылан сыяктуу (бирок удав эмес) менин жаныма сойлоп келип сөз баштаган. Анан сапардын соңуна жакын “жинди суусуна” тоюп алган абалда менден шыбырап кечирим сурады. Бирок “соонун оюндагысы мас кезинде тилине чыгат” деп бекер айтылбаптыр. Мен буга чейин айткандарым боюнча жаңылбаптырмын. Ошондо эле бул адам тезинен дарыланууга муктаж экен деп ойлогон элем.

Атамбаев чындап эле өлкөбүздүн койнуна кирип алып, биздин кылымдарды карыткан элибиздин башын айландырып, жолдон адаштырып, алдагысы, кытмыр максаттарына жеткиси келген куу, акылдан адашкан, уулуу жылан. Ал эч бир уялып койбой жарым мас, шизофрениялык абалда өйдүк-дөйдүк сөздөрүн айтып, интригаларды ойлоп таба баштады. Бирок ал максатына жетпейт. Ага элдин каргышы тийет. Акыр аягында анын аянычтуу абалына күбө болобуз. Аны коомдон бөлүп алып, мажбурлап дарылоо керек, паранойабы, же шизофрениябы, так диагнозду кесипкөй врачтар коюшсун. Эгерде аны өзү түшүнбөсө, анда аны мажбурлап түшүндүрүү зарыл.

Өзүмө келе турган болсом, капа болгон жокмун, мындай нерселерге көңүл деле бурбайм. “Оорулуу адамдарга таарынба” деп айтылат го. Бирок кийинки жолу өзүмдү кармай албайм, жөн гана жүз миңдеген кыргызстандыктар каалаганды кылам – анын бетпак физиономиясына бирди көрсөтөм.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: