Menu

Калдарбек Бахтакунов, уролог: “Тукумсуздуктун маселесинде аялдар 60, эркектер 40 пайыз күнөөлүү”

Бөлүшүү:

—Калдарбек мырза, акыркы убакта улутубуздун саламаттыгы абдан начарлап кетпедиби. Себеби көптөгөн оорулардын түрү жашарып кетти. Мурун эркектер 50-60тан өткөндө ооруйт деген оорулар менен азыр 20-30 жаштагы эле жигиттер ооруп жатат. Ушул урологиялык багыттан алганда. Сиздерге жалпы урология багытынан алганда оорунун кайсы түрү менен көбүнчө кайрылып жатышат?

—Урология багыты боюнча айтсам, экологиянын начарлап кеткенине байланыштуу репродиктивдүү функциясы начарлагандыктан простатит менен кайрылышат. Илгери мисалы үчүн простатит, аденома оорулары 40-50-60ка жакындаганда башталып жаткан болсо, азыркы кезде простата менен кээде 20га чыккан жигиттер келип калат. 25-30 жаштагы үйлөнө элек жаштар ооруп калган учурлар болот. Жаштар миграцияга байланыштуу башка шаарларга барып иштеп келгенде көзөмөлү жок жыныстык катнашка барып инфекцияларга көп кабылышат. Ошолор уритрит, простатитке кабылышып, репродиктивдүү функцияларына таасир бере турган органдарынан жабыр тартып , жумурткаларынын иштөөсү начарлап келишет. Жаш эле убакта жыныстык катнашта начарлап кеткендер болот. Анан төрт-беш жыл жашашып балалуу боло албай тукумсуздук менен келгендер көп болуп жатат. Себеби алар кичинекей кезинен жакшылап дарыланбай калган кыздар-балдар болуп калат. Же болбосо паратит, бруцеллёз, сивинка деген оорулар бар. Ал инфекциялык оорулар менен ооруп убагында дарыланбай калган жаштар келип калышат. Тукумсуздук боюнча да көп кайрылышат.

—Тукумсуздукту айтып калдыңыз. Ошону сиздер кандай ыкмалар менен дарылайсыздар?

—Тукумсуздук болгондо жубайлардын экөөнү тең чогуу текшеребиз. Мисалы, келинчегинин жыныстык органдарынын өлчөмдөрү, же болбосо гормоналдык түзүлүштөрү начар болуп калган учурлар болот. Эркектердин уруктугунун сапаты начар болгондор болот. Ошолордун уруктарын лабораторияларга жөнөтүп текшертебиз. Андан кийин жыйынтыгына карап атайын клиникаларга жиберебиз. Негизи мурун, аялдар төрөбөсө, аялдар өздөрү эле күнөөлүү болуп келишкен. Бирок бул да ката экенин кийин медицина аныктады да. Азыр медицина боюнча жубайларда тукумсуздук болсо, 60×40 пайыз болуп эсептелет. Так айтканда, тукумсуздук маселесине аял 60, эркек 40 пайызга күнөөлүү болуп эсептелет. Ошон үчүн экөө тең убагында текшерилиши кажет.

—Тукумсуздук улуттун саламаттыгына кооптонуу жарата турган маселе да. Сизде бул тууралуу статистика барбы? Ушул маселе канчалык деңгээлде кооптуу болуп жатат?

—Статистика боюнча айтсам, тукумсуздук көбүнчө аялдар тараптан 60-65 пайызга чейин болот . Эркектер илгери көбүнчө эле аялды күнөөлөшчү да. Ал эми 40 пайызга чейин эркектерден болгон учурлар болот. Бирок азыр педиатрия жакшы иштей баштады. Балдардын жумурткалары ордуна түшпөй ошолордун өсүүсү бир аз начарлап калганда азыр алдын-ала жакшы дарыланып жатышат.

—Ушул тукумсуздукту 100 пайызга дарыласа болобу?

—Болбойт. Себеби кээде тубаса болуп калат. ЭКОго муктаж болуп жаткан жубайлар көп. Алардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Кыргызстанда ЭКОнун баасы 3500 долларга чейин жетсе, Казакстанда 5000 долларга жетип, Россияда андан да жогору болуп жатат. Көп үй-бүлөлөр баласыз болуп калбаганды каалагандыктан ошол жолду туура көрүп жатышат. Бирок анысына карабай бала үчүн экөө тең иштеп таап бир эмес, эки-үч балалуу болгондор кездешип жатат.

—ЭКОго канчалык деңгээлде кепилдик бере аласыздар? Баардык эле жубайлардын кыялы ишке ашпаса керек. Ийгиликсиз болуп калган учурлар да болот да?

—Туура айтасың. Андай учурлар болот…

—ЭКО жана табигый жол менен төрөлгөн балдардын жалпылап алганда кандай айырмасы бар?

—Акыл-эс, кыял-жоругужагынан азыраак айырма болот экен. Табигый жол менен төрөлгөнгө жетпейт…

—Мындайга дин жолундагылар каршы эмеспи? Анткени биз мусулман дининде болгондуктан “Баары кудайдан болуш керек” деген түшүнүк менен жашайт эмеспизби?

—Каршы боло бергенде да болбойт. Бул жерде түшүнүш керек да. Баары кудайдан болот. Бирок эми кудай дегенибиз менен кээде өзүбүз аракет кыла турган учурлар да болот. Эми башка баланы деле багып алса болот. “ Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы ’’ деп коюшат го. Ошентсе дагы ата-энеде “өзүбүздүн каныбыздан жаралса экен” деген ниет болот да. Дин жолундагы адамдар деле түшүнүктүү адамдар да. Азыр телевизордон дин жолундагы адамдар кенеш айтып туура жолду  көрсөтүп жатышпайбы. Алардын баары каршы боло бергенде болбойт. Биз деле аларга түшүндүрсөк алар деле макул болот. Мен жеке өзүм каршымын деген диндин кишилерин көрө элекмин. Медицинанын өнүгүп келе жаткан тармактарын эмне үчүн алардын айтканы боюнча токтотуп коюшубуз керек?! Ошон үчүн компромисске келишибиз керек. Анан талашып-тартыша бергенде иш эч качан оңунан чечилбейт…

—Эми жубайлардын арасында жылдан-жылга балалуу болгондор көппү? Себеби баягы союз кезде 10-15тен төрөгөн энелер көп болгон да. Учурда сиздин байкооңузда бул жагынан көрсөткүчтөр кандай болуп жатат?

—Албетте, мурдагыдай 10-15ти төрөбөй атышат. Учурда бешке барып токтотуп коюшат. Бир жагы алардыкы туура. Анан санына эмес сапатына караш керек болуп калат. Анан 10-15 балалуу болуп аларды келечекке жакшы даярдай албай кыйналгандан көрө үч бала болсо да туура тарбия берген оңго деп ойлойм.

(Уландысы бар)

Маектешкен: Мирбек Эсенгулов

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: