Menu

Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурумга алардын туугандары жана журналисттер киргизилген жок

Бөлүшүү:

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда.

Айыпталуучулардын туугандары сот залына кире албай жаткандыгын билдиришти.  Ага журналисттер дагы коё берилген жок.  Айыпталуучулардын жубайлары милициядан аларга сот залына кирүүгө уруксат беришин талап кылышууда.

Белгилей кетсек, жактоочулар соттук процессти чоң залга өткөрүп, иштөөгө жакшы шарттарды түзүп берүү өтүнүчү менен бир нече жолу чыгышкан.

Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов баш болгон 14 адамга коррупция беренеси боюнча айып тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, мурунку атка минерлер курулуш иштеринин көлөмүн  12 миллион 160 миң 641 сомго атайлап жогорулатып жиберишкен. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасынын мүлкүн таратууга жана юридикалык жана физикалык жактарга жер тилкелерин берүүдө коррупцияга жол берген деген айып тагылган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: