Баткенде эмдөөдөн кийин эки окуучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Карамат Орозова билдирди.
«Кээ бир балдардын абалы оор. Маалымат берүү керек, эл толкунданып жатат. Мындай кабарлардан кийин адамдар эмдөөдөн баш тарта баштайт»,-деи ал.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Баткенге мекеменин комиссиясы жөнөтүлгөндүгүн билдирди. Анын айтымында, эмдөөдөн кийин кээ бир окуучулар кусуп, эсин жоготкон.
«Жети адам ооруканага түшкөн. Алардын экөөсү реанимацияда, ал эми бешөөнүн болсо абалы жакшы. Бир секелек реанимациядан палатага которулду. Анын абалы орто. Балдардын баардыгы дарыгерлердин көзөмөлү алдында»,-деп белгиледи министрдин орун басары.
Мадамин Каратаев комиссия өз ишин аяктагандан кийин жыйынтыкты жазуу түрүндө берерин кошумчалады.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ