Menu

КР Өкмөтү коомдук ишмер Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүүсүн негизсиз деп эсептейт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча жыйынтык маалымат сунушталды.
Коомдук ишмер К.Ташиевдин Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды жөнгө салуу боюнча протоколдун мазмунунун жашырылышы тууралуу билдирүүсүн негизсиз деп эсептейбиз. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Протоколго 2019-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринини орун басары Азим Иброхим тарабынан кол коюлган. Анда эки өлкө кызыкчылыгы эске алынып, чектеш райондордогу ошол учурда токтоп турган транспорттук байланыштын калыбына келтирилиши, ошондой эле Баткен районундагы Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолдорунун курулушунун улантылышы камтылган.

2019-жылдын 1-апрелинде Премьер-министр жер-жердеги курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Аксай жан Көк-Таш айылдарына барып, тургундар менен жолугушуп, жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы жана аларга көмөк көрсөтүү пландары тууралуу айтып берген.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйынында жана тийиштүү комитетте чек ара чатактарын жөнгө салуу, ошондой эле чектеш райондордогу айылдарга колдоо көрсөтүү чаралары боюнча жыйынтык маалымат берилген.

Маселенин спецификасына жараша жана чыр-чатактын кайталануусуна жол бербөө максатында ал Жогорку Кеңештин жыйынында жабык режимде каралган, анын жүрүшүндө Өкмөт тараптан депутаттарды кызыктырган бардык суроолорго жооптор берилген.

Биздин өлкөдө ар бир жарандын ар кандай актуалдуу маселелер боюнча өз пикирин ачык билдирүүгө укугу бар, бирок аталган учурда К.Ташиевдин билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: