Menu

Душанбеде “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын мурдагы башчысы кармалды

Бөлүшүү:

Душанбеде мамлекеттик “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын мурдагы жетекчиси Хайрулло Рахимов кармалды.

Хайрулло Рахимов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана бөтөн мүлккө ээлик кылууга айыпталууда.

2018-жылы декабрда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын ишин сынга алган. Ал өлкөдөгү эң ири жүргүнчү ташыган “Боинг 767-332” учагын сатып алууда коррупцияга жол берилген деген маалыматтарды текшерүүнү тапшырган. Быйыл 21-январда өткөн өкмөттүн отурумунда президент авиакомпаниянын жетекчиси Хайрулло Рахимовду жумушта кетирген кемчиликтери үчүн тилдеп, жыйындан кууп чыккан. Кийинки күнү ал креслосунан кол жууган.

Мамлекеттик “Тажик Эйр” авиакомпаниясы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Тажикстандын авиациялык базарына толугу менен ээлик кылган. 2009-жылы акционердик коомго айланган. Душанбе, Куляб, Хожент эл аралык аэропорттору, “Тажикаэронавигация”, май куюуучу ишкана жана борттогу тамактануу кызматы өз-өзүнчө бөлүнүп кеткен.

Соңку он жылда “Тажик Эйрде” алты жетекчи алмашкан, бирок абал өзгөргөн эмес. Эксперттер жана компаниянын мурдагы директорлору мамлекеттик чиновниктердин авиакомпаниянын ишине кийлигишүүсү –негизги көйгөй экенин белгилешкен. “Тажик Эйрдин” айрым кызматкерлеринин айтымында, таасирдүү аткаминерлер чоң жүктөрдү ташыган учактарды өздөрүнүн бизнеси үчүн колдонуп, бирок бир тыйын төлөбөй кеткен учурлар бар.

​2018-жылы октябрда Тажикстан өкмөтү “Тажик Эйрди” банкроттон сактап калуу үчүн акцияларын жеке жактарга өткөрүп беренин маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: