Menu

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 10-апрелде Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Назарбаев сөзүнүн негизги бөлүгүн Казакстандагы соңку саясий өзгөрүүлөргө арнады:

“Коомчулукта тынчсыздануу, өкүнүү, үмүт жана күтүү бар. Мен баарыңарды тынчтандыруу үчүн айткым келет, иштелип чыккан багыт улантылат, мен бул жердемин, биз баарыбыз мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз”, – деди ал.

Назарбаев убактылуу президент Токаев Конституцияга ылайык шайлоо күнүн жарыялаганын, бул чечим туура экенин билдирди. Ал шайлоону мыйзамдын бардык талаптарына шайкеш жана демократиялык нормаларды сактоо менен өткөрүү үчүн даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи.

Бир күн мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөөрүн жарыялаган. “Нур-Отан” партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан. Ал шайлоого катышар-катышпасын азырынча айта элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: