Menu

Атамбаев кайрадан кыргыз элин мазактады

Бөлүшүү:

Ооба, АША Кыргызстанды 2040-жылга чейин башкарып, майлуу-сүттүү жерлердин, инвестициялык, кредиттик булактардын баарын көзөмөлдөп, алардын бир бөлүгүн өзүнө буруп турарына бекем ишенген. Кыргызстандын бактысы бар экен, аракеттеги президент анын кландык криминалдык дилтанттык башкаруусуна чек койду. Эми ал канча издесе да С.Жээнбековдон, анын айланасындагылардан эч нерсе таппагандан кийин тил боюнча экзамен алгычтан бетер айрым сөздөрүнө, дикцияларына асылганга өтүп, аны мазактаганы анын биротоло майдаланып кеткендигин көрсөтөт. Айрым лидерлер башка тилде И.Сталин сыяктуу акцент менен сүйлөйт, В.Лениндей бир тамгага тили жакшы келбегендер да болот, андайлар бизде деле бар. СССРдин тышкы иштер министри Э.Шеварднадзе орусча эркин сүйлөй алган эмес. КМШда андай жетекчилер азыр деле бар. Бирок, улуттук жетекчилердин насил-нарктары, дүйнөдөгү ордулары кандай сүйлөгөндөрүнө эмес, кандай иштегендерине, аркаларында эмнелерди калтыргандарына карата бааланат. КМШда А. Акаевдей кооз сүйлөгөн президент жок болчу, анын артында эл чарбасы, социалдык чөйрөсү кыйраган өлкө калды. Совхоздун директорлугунан мамлекет башчылыгына секирген А.Лукашенко Белоруссияны гүлдөгөн өлкөгө айландырды. Колхоз башкармасынан түз облустун жетекчиси, ал жерде бир ай иштебей, мамлекеттин башчысы болгон Э.Рахмон улуттун куткаруучусу деген наамга арзыды. Аракеттеги президент бир сөзүнөн жаңылып, башкача айтып жиберсе аны “колхоз” деп мазактап, деградациянын эң төмөнкү чегине жакындап калганын айгинелесе, экинчиден, Кыргызстандын жалпы элин мазактагандык болуп саналат. Анткени, баарыбыз эле колхоздордон чыкканбыз, элдин 70 пайызга жакыны дагы деле айыл жерлеринде жашайт. Анан С.Жээнбеков кокусунан бийликке келип калгандардан эмес, ал 3 жолу ЖКга депутат болуп шайланган, вице-спикер, министр, 7 жыл губернатор, премьер-министр болуп иштеген.

АША 7-апрелде “Форумда” сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кенешти дагы чимкирикке теңеп, депутаттарды чимкиригиңерди аарчып алгыла деп кыйкырды. Акыркы убактарда оозуна келгенди оттогону аз келгенсип, сүйлөсө эле “мен эч кимден коркпоймун, мен керек болсо өлгөнгө да даярмын”- дегенди адатка айландырып алды. 7-апрелде андай сөздөрдү 3-4 жолу кайталады. Деги аны ким коркутууда? Ким аны өл деп жатат?

АША убагында Н.Назарбаевди мазактаганда азыркы президент Касым-Жоомарт Токаев: “Викилис опубликовано сообшение посла США Янга со ссылкой на данные турецких докторов о психическом заболевании Атамбаева и его пристрасти к алкоголю, что усуглубляет параною. Тогда все становится понятным, остается пожалеть ему выздоровления”- деп жооп берген. Тилекке каршы, экс-президенттин адекваттуу эместигинин себептеринин баары ушунда окшойт.

Андыктан ыйман, кудай деп сүйлөбөй эле койсо.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: