Жарандык активист Адил Турдукулов өлкөдө саясый кырдаал чыңалып турганын, кооптонууга негиз бар экенин белгиледи.
«Өлкөдөгү саясый кырдаал чыңалып турат. Тараптардын тирешүүсү бар. Буга экономикалык каатчылыктын каптап келе жатканы да себеп болууда. Ошол эле кыргыз-казак чек арасындагы абалдын, аткезчилик маселелеринин жоюлбай, чечилбей жатканы каатчылыкка бир мисал болот. Экинчиден, Баткенге чектеш өлкө менен делимитация, демаркация иштери жасалбагандыгы аткезчиликтин өсүшүнө алып келип, экономиканын өсүшүнө, өлкөнүн коопсуздугуна кедергисин тийгизип жатат. Буга кошумча Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын абактан чыга албай жаткандыгы саясый чыңалууну күчөтүүдө. Мындан тышкары, Өмүрбек Бабанов, Мелис Мырзакматов өңдүү талабы күчтүү, салмактуу саясатчылардын өлкөгө келүүгө мүмкүнчүлүк ала албай жаткандыгы, аларга карата кылмыш иштердин дагы деле ачык болгону саясый кырдаалдын чыңалышына түртүп жатат. Мунун баарын эске алып, кооптонууга негиз бар деп ойлойм» деди Турдукулов.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ