Menu

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Чөгүп бараткан СДПК партиясы менен кошо чөгүп кетебиз”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, сиз КСДП фракциясын коалициядан чыгарып, жаңы коалиция түзүүнү сунуштап жатасыз. Буга олуттуу негиз бар деп ойлойсузбу?

– Парламенттин табияты мындай: парламентке келген партиялар коалициялык көпчүлүктү түзөт деген талап бар. Ал жерде алдын ала сүйлөшүп туруп, «мына биз, баланча-түкүнчө партиялар көпчүлүк болдук» деп элге жарыялайт. Ал эми кайсы бир фракцияны кошуу же кемитүү деген жок да, парламенттин табиятына туура келбейт. Ошон үчүн өткөн жылы «Респубика -«Ата Журт» фракциясы коалициялык көпчүлүккө кошулганда эле туура эмес деп айткам. Кийин мыйзамга туура келбейт деп төрагага да кат жазгам. КСДПнын лидери мыйзамда тыюу салынган эмес деп айтып атпайбы. Конституциянын 5-беренесинде «мыйзамда аталган талаптардан ашыкча чыкканга эч кандай мамлекеттик органдарга мүмкүнчүлүк жок» деп так жазылып турат. Мыйзамда жазылбаса, тыюу жок болсо, «мүмкүн» деген принцип бизге тийиштүү эмес.

Өткөн жумада КСДПнын эки курултайы өттү. «Форумда» болгон курултайда «оппозицияга өтөбүз, бийликке эки ай убакыт беребиз» деген сыяктуу катуу сөздөр айтылды. КСДПнын 38 депутаты Жогорку Кеңеште, башкаруучу коалицияда болсо, анда партия ким менен күрөшүп атат? Өзүнүн фракциясы мененби? Ошон үчүн коалициядан чыгышы керек да. Коалицияны кайрадан түзүп, калган бир жылды өндүрүмдүү иштесек, аз болсо да эл алдында аброюбуз көтөрүлүшү мүмкүн. Эгер бул кадамга бара албасак, чөгүп бараткан партия менен кошо чөгүп кетебиз.

– КСДП фракциясынын лидери де-факто партия экиге бөлүнүп калганын айтты. Партия оппозицияда, фракция позицияда болгонуна мыйзам кандай карайт?

– Мындай көрүнүш биздин саясатта болуп атпайбы. Ошол эле «Өнүгүү-Прогрессти» ала турган болсок, Жогорку Кеңеште фракция оппозицияда болсо, Бишкек, Ош шаардык кеңештеринде коалицияда. Бул партиянын идеологиялык туруктуулугунун жоктугунун белгиси. Партия лидерлерге байланыштуу топ. Кожоюн эмне десе, ошону аткарат. Кожоюн кызматтан кетсе, аны тебелей баштайт. Кайсы бир партия оппозицияда болсо, анын фракциясы коалицияга кирбеши керек. Тескерисинче, партия бийликте болсо, фракция оппозицияга кошула албайт. Бул биринчи класстын окуучусуна деле түшүнүктүү нерсе. Иса Өмүркулов «мыйзам тыюу салбайт» деп атпайбы. Мыйзам жалпы тыюу салат. Бирок, бизде канча юрист болсо, ошончо пикир болуп атат да.

– Бакыт Төрөбаев «Республика – Ата Журт» фракциясы коалицияга киргенден кийин коалиция жаңыланып, өкмөт да кайра түзүлүшү керек эле деп айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

– Ал туура айтып атат. Дагы бир фракция кошулуп аткандан кийин мыйзамга ылайык жарыялап, «мына, биз жаңы коалициялык көпчүлүктү түздүк» деп айтыш керек болчу. Бир фракция кошулабы, эки фракция кошулабы, бул жаңы коалиция болот. Анда сөзсүз өкмөттүн курамын, программасын кайрадан карап, бекитишибиз керек. Мыйзамдын талабы ушундай да.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: