Menu

Өзбекстанда 9-класста окуган кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголгон жок

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы мектептердин биринде 9-класста окуган кыз эки бала тарабынан зордукталганын билдирүүдө.

16 жаштагы кыздын айтымында, тааныш балдардын бири ага такси менен үйгө жеткирип коюуну сунуштап, бирок алдап аны өзүнүн үйүнө алып барган.

«Ал үйүнө кирип чыккандан кийин издеген нерсесин таппаганын айтып, таксини кетирип жиберди. Жамгыр жаап жаткандыктан үйгө кирип турууну сунуштады. Биздин артыбыздан эле дагы эки бейтааныш бала кирди. Алар арак ала келишиптир, күчтөп оозума куюп, андан кийин экөөсү зордуктады», — деди кыз.

Анын Орусияда иштеп жүргөн апасы эки күндөн кийин Өзбекстанга келип, жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал кызынын канга боёлгон кийимин экспертизага жөнөткөнүн, бирок дале болсо анын жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

Жергиликтүү милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү Комил Файзиев кыздын курагына байланыштуу бул факты боюнча кылмыш иши козголбогонун айтты.

«Чынында ал кыз зордукталган эмес. Ал жыныстык катнашка өз каалоосу менен баргандыктан, кылмыш иши козголгон жок. Былтыр декабрда ал 16 жашка толгон. Бул эрезеге жеткен курак болуп эсептелет», — деди тергөөчү.

Анын түшүндүрүшүнчө, эгер кыздын ыктымал зордукталышы боюнча түз далилдер менен күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок болсо, анда кылмыш иши козголбойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: