Menu

Алмазбек Токторов, «Кыргызстан» фракциясынан ЖК депутаты: “Сапар Исаков бүтө элек иштерди айтып, өзүн пиар кылчу”

Бөлүшүү:

– Алмаз мырза, «Бабанов жакынкы күндөрү келет» дегенден бери анын премьер-министр боло турганы айтыла баштады. Азыркы «коалиция тарасын, өкмөт кетсин» аракеттери ошого алып келатабы?

– Бабанов өкмөт башчы болот деп ойлобойм. Ал келип, өзүн реабилитация кылса, ошонусу деле ага жетет го. Анын өкмөт башчылыгына келе турганын уга да элекмин.

– Сиздин оюңузча, коалицияны уратуу демилгеси анда эмнеден улам келип чыгып жатат?

– Бул – саясат. Саясатта тынымсыз күрөш жүрүп турат. Ар кандай оюндар, саясый агымдар болот. Анүстүнө кырдаал курчуп баратат. Экс-президенттин ар кандай ураандар, сөздөр менен эрте жазда чыга калганы абалды курчутуп жатат. Абал курчуган сайын сахнага ар кандай оюнчулар чыгат. Ар кимисинин ар кандай максаттары, ойлору бар, ошого жеткенге аракет кылышат. Ошонун нугундабы деген ой кетет.

– Сиз «өкмөт тарасын» дегенге макул эмессизби?

– Жок. Мен өкмөттү мыкты иштеп жатат дебейм. Тескерисинче, дайыма сындап келе жатам. Бирок, жалпысынан чоң таразага салганда, азыркы тапта өкмөттү алмаштырууга эрте. Саясый туруктуулук кетет. «Өкмөт мактана турган иш кылган жок», «эч нерсе кылган жок» дешет айрым кесиптештерим. Кичинекей ишти жасап, «биз муну кылып салдык» деп өзүн реклама кылган премьерлерди да көрдүк го. Сапар Исаков бүтө элек иштерди айтып, өзүн пиар кылып, элди ишендирип салбадыбы, «иштеп жатат, азамат» деп эл ишенип калбадыбы. Бул өкмөт өзүн антип пиар кампания кылбай эле, колунан келишинче иштеп жатат. Кийин көрөбүз, кандай иштерди кылганын. Ошондуктан, азыр капталдан чыга калып эле «кетсин, иштебей жатат» дегенди коё туруубуз керек деп ойлойм.

– ТЭЦтеги коррупцияны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болдуңуз. Азыр андагы коррупция боюнча айыпталып камалгандардын соту болуп жатат. Сапар Исаков билдирүү таратып, «бизге карата далилдүү фактыларды таба алышкан жок» деди. Бул боюнча эмне айта аласыз?

– ТЭЦтеги чуулгандуу иш боюнча комиссиянын мүчөсү болуп, бул ишти башынан билем. Мен комиссияга «фамилияларды көрсөтөлү» деген сунуш бергем. Бирок, көбү «кызматтарын жазалы, фамилияларын жазуунун кереги жок» деген позицияда
турушкан. Анан мен акыркы жыйынтык чыгып, кол коюлуп жатканда кол коюудан баш тарткам. Контракт бекитилген, демек, коррупциялык элементтер дүңүнөн бекилген, ал жердеги ага катышкандардын фамилиялары көргөзүлбөсө, анда эч нерсе далилденбейт. Менин аргументим ушул болгон. «Баарыңар юристсиңер, бул жерде соттук элементтерди көрбөй турам» дегениме көнүшкөн жок. Чынында, мында жоопко тартыш өтө кыйын. Баалар көтөрүлгөнү, акча уурдалганы, кимдин кызыкчылыгы көздөлгөнү көрүнүп турат, бирок сотто далилдөө кыйынга турушу мүмкүн.

– Далилдей албай калуулары мүмкүнбү?

– Баарын акылдуу киши жасаган. Уурдалганын, тонолгонун көрүп турсаң да, юридикалык баа берилиши кыйын. Ошон үчүн менин сунушум ошол болгон, «эгерде алар сотто акталып кетсе дагы, эл билсин кимдер күнөөлүү экенин, кыргызды кимдер карызга батырганын» дегем. Азыркы камалып, соту болуп жаткандарды жоопко тарта алабызбы-албайбызбы, ал экинчи маселе, бирок, тартканга аракет кылыш керек. Мен прокуратура баа берет, соттор туура чечим чыгарат деп ишенем.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: