Menu

Видео – Украинада Зеленскийди автоунаа сүзүп кеткен видео боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Украина полициясы жүк унаасы президенттикке талапкер Владимир Зеленскийди сүзүп кеткен видеотасманын жайылтылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Настояшее время» телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш иши «Мамлекеттик же коомдук ишмерге карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде козголду. Тасмада Владимир Зеленский топтолгон адамдардын алдында басып келатканда жүк унаасы сүзүп кетет. Андан соң ак порошок жана оролгон доллар көрсөтүлүп, «Ар кимдин өз жолу бар» деген жазуу пайда болот.

https://youtu.be/kaefT3-vj60

Полиция бул видеотасманы өчүрүү талабы менен социалдык түйүндөрдүн жетекчилерине кайрылуу даярдап жатат. Зеленскийдин командасы анын күзөтүн күчөтүүнү сунуштап, видеону жайылтууга Украинанын учурдагы президенти Петро Порошенкону айыптады. Алар тасма мамлекет башчыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон телеграм-каналдардын бирине жарыяланганын билдиришүүдө.

Азырынча бул видеотасманын пайда болушу боюнча Порошенконун штабы эч кандай комментарий бере элек.

Мурдараак Порошенконун штабы анын Владимир Путинге каршы тургандыгы көрсөтүлгөн үгүт материалына карата альтернативдүү жарнак көрсөткөн. Анда Порошенконун жанына орусиялык шоумен Максим Галкин менен Владимир Зеленскийди кошуп коюшкан.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Зеленский 30 пайыздан ашык, Порошенко 16 пайызга жакын добуш алган. Экинчи айлампага өтпөй калган талапкерлердин көбү Зеленскийди дагы, Порошенкону дагы колдошкон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: