Menu

Казакстан БШКсы кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард теңге сурады

Бөлүшүү:

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 12 миллиард теңге (30 миллион доллардан ашык) сурады. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министринин орун басары Берик Шолпанкулов сенаттын 11-апрелдеги жыйынында билдирди.

«Бүгүн БШК шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард теңге бөлүп берүүнү өтүндү. Азыр анализ жүргүзүп, болжолдуу чыгымдарды эсептеп жатабыз. Жыйынтыгында бул сумма азайышы дагы мүмкүн», – деди Берик Шолпанкулов.

Анын айтымында, суралган сумманын 70 пайызы шайлоо тилкелеринде эмгектенген адамдардын айлыгына берилет. Каржы министрлиги эки күндүн ичинде чыгымдар боюнча анализди аяктап, акыркы чечим чыгарууну пландап жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдагы президенттик шайоого беш миллиард теңгеге жакын каражат жумшалган.

9-апрелде мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, өлкөдө 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген.

БШКнын календарлык планына ылайык, талапкерлерди каттоо 11-май күнү саат 18:00дө аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: