Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Ташиевди сындайм, бирок аны Бабановго караганда беш эсе жакшы көрөм”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, Өмүрбек Бабанов менчик телеканалына кенен маек берди. Бүгүн коомчулукта анын маеги талкууга алынып, бири колдосо, экинчиси каршы пикирин айтып жаткан учур. Анын «Кыргызстандан аргасыз чыгып кеттим» дегенине ынандыңызбы?

– Анын маегин көрүп, ар бир сөзүн угуп, аны түшүнүүгө, эмне айткысы келип жатканын билүүгө аракет кылдым. Кылмыш иши ачылып, камалып калбайын деп чыгып кеткенин «шайлоочуларым мен үчүн жабыркабасын деп, “мамлекетте стабилдүүлүктү сакташ үчүн Икрамдар менен сүйлөшүп чыгып кеттим” деп ишендирүүгө аракет кылды. Ошондой эле Кыргызстанга келерин, ал келгенче ага козголгон кылмыш иштер кыскарып калса жакшы болорун айтты. Мекенин сагынганын да жашырган жок. Өңдөн азганы байкалып турду. Бирок, мен аны адам катары түшүнүүгө аракет кылганым менен ал кылмыш иши козголгон адам экенин, ал Кыргызстандан чыгып эмес, качып кеткенин айткым келет. Ал азыр баатыр болуп көрүнгүсү келгени менен анын Шадиевден, Акаевден, Бакиевден айырмасы жок качкын болду. Кыйын болсо качпай, кетпей башына түшкөнүн көрсө болмок. Анткенге анын эрки да, күчү да жеткен жок. Кандай айла кылса да, Бабанов кылмышка күнөөлөнгөн качкын адам. Эми аргасы түгөнгөндө Кыргызстанга барам деп отурат. Жөн эле келе бербей «мага инвестор тартканга мүмкүнчүлүқ, берсин, завод ачам, фонд ачам» деп жатат.

Чынында ага козголгон кылмыш иштерине көз жумуп койгонго мүмкүн эмес. Ага бир эмес, үч кылмыш иши оор беренелер менен катарынан козголгон. Ал азыр эч кандай катачылыкка жол бербегенсип, «кылмыш иштин баары саясый негизде козголгон» деп жатат. Чынында, Он-Адырдан чоң катачылыкка жол берген. Улут аралык жаңжалды козуткан сөздөрдү айткан. Ошондой эле Назарбаевге чуркап барып да чоң мүчүлүштүк кетирген. Мына ошондой катачылыктарынын кесепетин тартып, Кыргызстандан качууга аргасыз болду.

– Эгер чындап эле инвестор тартып келсе, аз-маз жеңилдик берилиши керекпи?

– Анын «инвестиция тартам; заводдорду иштетем» дегени суу кечпеген жомок. Анткени, ал кандай айла кылса да, кылмышка күнөөлөнүп жаткан адам. Ал келип акталышы керек же соттолуп, жазасын тартышы керек. Эгер бийлик ага аяр мамиле кылса, бийлик өзү катачылыкка жол берген болуп калат. Себеби, президент дебатта 35 коррупционер менен күрөшөөрүн, ишти Бабановдон баштаарын айткан. Ошон үчүн Бабановду келер менен камап, ишин сотко өткөрүп, калган тагдырын сот чечкендей болушу керек.

– Бирок, ал катачылыкка жол берсе да, президенттик шайлоодо күчтүү атаандаштыкты жаратты да…

– Атаандаштыкты жаратканында кеп жок. Ал байыш үчүн саясый көз карашын калыптандырып, жеке кызыкчылыгын канааттандырыш үчүн президенттикке аттанганы президенттик шайлоодо атаандаштыкты күчөтүп, альтернативдүү шайлоонун болушуна чоң салым кошту. Оппозициянын өкүлү катары Бабанов, бийликтин өкүлү катары Жээнбеков чыгып, экөөнүн ортосунда чоң таймаш болду. Акырына чейин ким президент болору билинбей, кызыктуу болуп, биз эмес, башка мамлекеттер да көз салып турду. Бул жагынан Бабановдун ролу чоң болду. Бирок, «алдырар күнү жаздырар» болуп, Бабановдун шайлоодогу туура эмес аракеттери үчүн катар-катар кылмыш иши козголду. Эми Кыргызстанга келем десе соодалашпай эле келип, камаса камалып, ак болсо сотто акталып чыгып кетиши керек. Андан башка жол жок.

– Ташиевди учурунда пайдаланып, кийин кереги жок маалда тээп койгонун  айттыңыз эле. Ташиев ал сыныңызды кандай кабыл алды?

– Башында теригип, менин дарегиме ачуу сөздөрдү айтыптыр. 5-каналдан дебатка чогуу чыгып калдык. Мен койгон дооматтарымды айтсам, «байке, кечирип коюңуз» деп кучактады. Таңгалганым, Ташиев кечээ айткандарын унутуп, бүгүн «Бабанов менен тандемибиз бузулган эмес» деди. Бир жыл мурунку видеосун алып чыгып, «мени пайдаланып, сатып кеткени үчүн Бабанов менен кызматташууга барбайм» дегенин, «Бакыт Төрөбаевди деле мени пайдалангандай пайдаланат» деп айтканын таап чыгышты. Мен да кечээ сага жакшылык кылбаган киши, кыйналып турганда кол сунганыңды унутуп, 2020-жылы ак боз ат минсе эле эсинен чыгарарын, достуктан, адамгерчиликтен жеке кызыкчылыгын жогору коёрун, эми да Ташиевдин оозу менен Кыргызстанга келгиси келип жатканын айттырганын айттым. Мен Ташиевдин дагы бир жерине макул болгон жокмун. Ал «эки президент жарашыш керек» деди. «Кантип жарашат? Бири «камагандарыңды бошот» деген талап коюп жатса, экинчиси элдин талабын эске алып, жеп-ичкендерди камаса, кантип жарашмак эле» дедим.

Баса, чынымды айтсам, мен Ташиевди айрым кадамдары үчүн сындаганым менен аны Бабановго карагаңда беш эсе жакшы көрөм. Ташиев алабарман, карасанатайлыкты ойлобогон ак жүрөк, патриот адам. Анын ошол сапатын билип алган саясатчылар керек маалда пайдаланып, кереги жок учурда Бабановдой болуп тээп коюшат…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: