Menu

Митинг-пикетке каршы ИИМ даярдык көрүп жатабы?

Бөлүшүү:

Учурда күн өткөн сайын саясий абал оорлошуп жатканын танып болбойт. Бир жагынан Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг кылабыз деп жатат. Өмүрбек Бабановдун жактоочулары дагы митингге чыгышаарын билдиришти. Экс-президент Атамбаев башында турган КСДП Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовду абактан чыгарууга 2 ай мөөнөт берип, талаптары аткарылбаса мөөнөтсүз пикет-митинг башташаарын эскертти. Буга байланыштуу Өкмөт массалык башаламандыктарды уюштургандарды таратууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмесин бекитип даярдык көрүүдө. ИИМдин берген маалыматына ылайык, тизмеде коргоочу костюм, резина таяк, темир калкан, көздөн жаш агызуучу газ жана резина ок менен атуучу куралдар бар. Айтор кырдаал кыйындап калды… Айткандай, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев Молдомуса Конгантиевдин башынан өткөндү кайталабайын десе, күч колдоном дегенден алыс болушу шарт..

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: