Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын Андижан облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2 миллион доллардан ашык акчаны Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазды.
Ходжаабад районунун аймагында Андижан-Кара-Суу багыты боюнча бара жаткан «Равон Нексия» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жалпы 2 миллион 116 миң 501 доллар салынган 30 литрлик желим идиш жана 2 баштык табылган. Агенттиктин маалыматында: «Табылган акча каражаты Ташкенттен жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Бажы көзөмөлүнөн өткөн чет элдик валюта Кыргызстанга ташылып кириши керек болчу. Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат», – деп айтылат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ