Menu

Жаз келди, “тракторбек” ойгонду…

Бөлүшүү:

Жаз жарыш, күз күрөш деген сөз бар. Албетте, бул нуска кеп башка мааниде айтылганы менен жаңы кыргыздар муну таптакыр башкача түшүнүп адышкандай. Дегеним, жаз келсе эле биздин саясатчылар «кычыша» баштайт. Чээнден чыгышат. Айталы, 2017-жылдагы Президенттик шайлоо маалында атын булгап алган Бакыт Төрөбаев бир топ убакыт дымып жатып, быйыл жаз алды менен кайрадан жандана баштады. Бул кысталактын эмне себептен «тирилгени» белгилүү да. Кийинки 2020-жылы парламенттик шайлоо. Ошого утурлай баш көтөргөн эргул өткөнүн унутуп, кадимкидей акыл үйрөтүп атат, эй! Добуш топтоо үчүн элге кантип жагынуунун аргасын издеп күйпөлөктөп, кандай жол менен өзүмдү пиарласам деп убара тартууда. Эч кимди тааныбай эдиреңдеген нойондун эсине салып коёлук, баягы 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында берген убадалар кайда? Анын 95% пайызы аткарылган жок. «Жарык шаар» деп бакылдаган Төрөбаев жарык жөнүндө ооз ача элек… Же өзүнүн жашаган үйү менен короо жайын эле жарыктандырып алса ал үчүн «жарык шаар» болуп калабы? Андан көрө жаз менен кошо бая-аа-гы «тракторлорун» минип чыгып, жер айдаса элге пайда келтирбейт беле. Арийне, анысы деле куру көрсөтмө курал эмес беле.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: