Өлкөбүз Акылдуу шаар долбоорунун Коопсуз шаар компонентинин 1 этабын басып өтүүдө. Ага ылайык эреже бузган айдоочуларга карата жаңы мыйзам жыл башында кабыл алынып, айып пулдардын суммасы чектелген. Бирок, айдоочулардын айып пулу боюнча так ушу маалда бир топ нааразычылыктар бар. 8-10 миң сом менен иштеген карапайым үй-бүлө капыстан 2 ирет жол эрежесин бузуп алса бир ай тишинин кирип соруп жашайбы?
Шаар жеринде бул маселе анчейин байкалбаганы менен айылдан шаарга келип жол эрежесин бузуп алган айылдык айдоочулар нааразылык билдиришүүдө. Бул боюнча тыкыр иш алып барбаса элдин жаалына калып калбайбы өкмөт?! Эң башкысы, айып пулду көтөрөөрдөн мурда так ошол жол шарттарын, анын белгилерин ирээтке келтирип, айдоочуларга жана автоунааларга карата атайын шарттар иштелип чыгышы керек эле го…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ