Menu

Өзбекстанда Гүлнара Каримованын бөлөсүнүн мүлкү аукционго коюлду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Гүлнара Каримованын бөлөсү Акбарали Абдуллаевдин мүлкү аукционго коюлду. Бу тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Абдуллаев бир канча жыл бою Фергана облусундагы өнөр жай объектилерин, анын ичинде Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү заводду, «Кувасайцементти» көзөмөлдөп турган. Сатыкка коюла туран мүлктүн жалпы аянты – 4,5 гектар, баштапкы баасы 8,2 миллиард сум (1 миллион доллар). Объект Паркент районундагы Күмүшхон айлында жайгашкан.

Акбарали Абдуллаев – маркум Ислам Каримовдун аялы Татьяна Каримованын бир тууган эжеси Тамара Сабированын уулу. Ферганада Абдуллаевди “ферганалык ханзаада” деп аташкан, себеби 2000-жылдардын башынан тарта ал апасы экөө Фергана өрөөнүнүн бейрасмий кожоюндары болгон.

2013-жылы Абдуллаев экономикалык кылмыштарга айыпталып, Ислам Каримовдун буйругу менен камалган. 2014-жылы 15 жылга түрмөгө кесилген, кийин жаза мөөнөтү алты жылга кыскартылган.

2,5 жыл түрмөгө отургандан кийин ал мунапыс менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ислам Каримов өлгөндөн кийин ал мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгып кеткен.

Акбарали Абдуллаев 2017-жылы 14-январда Киевдеги “Жуляна” аэропортунда кармалган. Ал алгач Украина Коопсуздук кызматынын абагында кармалган, себеби атайын кызматтар анын өмүрү коркунучта болушу ыктымал деп эсептешкен.

Кийинчерээк үй камагына чыгып, Киевдеги «Козин» кыштагына жайгашкан. Бул жерде Украина президенти Петр Порошенко жана бир катар украин олигархтарынын турак-жайлары бар. 2017-жылы ал Украинада качкын макамына ээ болуп, бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Абдуллаев адвокаттардын суроосу менен Интерпол тарабынан изделген кишилердин тизмесинен чыгарылган. Ал учурда кайсы өлкөдө экени белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: