Menu

Шайлообек Атазов: “Отунбаева Ошто элдин каны төгүлүшүнө себепчи болгон, энелердин көз жашы кечирбейт”

Бөлүшүү:

Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, дүйнөлүк чемпион Шайлообек Атазов 2010-жылдагы Ош шаарында болуп өткөн июнь окуясы тууралуу өзүнүн пикирин соцтармактан жазып чыкты.

Ал кезде 2010-жылы Ош шаардык кеңешинин эң жаш депутаты элем. 2010-жыл ошол учурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун жанында турган болчумун. Бир убакытта Жалал-Абад шаарында согуш чыкты. Эми “Ош эмне болот? – деген каңшаар кыжаалат кылып баардык мамлекеттик жетекчилер Кара-Суу районунда аянттын жанындагы эс алуу багына жыйналышкан. Аким Баатыр айыл өкмөт жетекчи уюштурган, көптөгөн жетекчилер бар болчу. Абалдан кооптонгон Мелис Мырзакматов президент Роза Отунбаевага түз телефон чалып калды. Трубка бир аздан кийин алынып: “президенттин жардамчысымын Отунбаева жыйналыш өтүп жатат” деди. Мырзакматов жинденип “кайдагы жыйналыш Ошто кан төгүлүү алдында турат, Ош “түтүтмө бочка”, трубканы тез бергиле мен Отунбаева менен түз сүйлөшүшүм керек” деп, кыйкырды. Бир аздан кийин “президентке улап жатам” деп, звонок келди.

Мырзакматов трубканы алып: “Роза Исаковна, Жалал-Абад шаарында согуш чыкты, үч адам окко учту. Учурда Ошто абал кооптуу. Ошто Инам Абдрасулов деген сепаратист 3 000 (үч миңге) чукул балдары менен жергиликтүү ШИИБге чогулду, аны тез камаш керек. Буйрук чыгарыңыз Жалал-Абадка Камчыбек Ташиевди губернатор кылып алып келиш керек. Ошко өзгөчө көзөмөл коменданттык саат киргизүү керек. Сиз буйрук бериңиз Инамжан Абдрасуловду, Кадыржан Батыровду камакка алышсын!” -деди.

Роза Отунбаева эмне деп жооп бергени угулбай жатты. Мырзакматовдун жанына жакын басып бардым. Мен телефондон:”Ай Мелис, аз улуттун укугун да коргошубуз керек”, деген сөзүн уктум.

Ал кезде генерал Курсан Асанов: “Мелис Жоошбаевич, эгер мага команда келсе, азыр түз барып камаймын” деп, ары-бери басып жинденип, анан Ошко звонок кылды да “сен кыйын болуп калдыңбы? Балдарыңды тарат. Азыр мен барам” деп машинесин чакырып, Ошко жөнөп кетти. Ал учурда жетекчилер баары тарашты. Андан көп өтпөй Ошто өзбек-кыргыз чогулушу башталды. 3 күн Ошто тынымсыз ок атышуу, кан төгүү болду. Бул учурда Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаровду Ошко жөнөтүп коюп, өзү бир жума ичип жатып алды.

Отунбаева сепаратисттерди коргоп бейөкмөт уюмдар менен иштешип турду!

Ошентип 2010-жылдагы июнь окуясына Отунбаева элдин канынын төгүлүшүнө себепкер болду! Эгер Отунбаева учурунда Ош шаарына коменданттык саатты киргизип, сепаратисттерди камаганда, жаштар башчы жок эч жака бармак эмес. Эки эл дагы кан төгүүгө бармак эмес. Тилекке каршы жалпы 1 000ге жакын адам октон жаркат алып, 300дөн ашуун адам каза болду. Менин спорттук залымдагы эки баламдын өмүрү кыйылды”, – деп сөзүн жыйынтыктаган чемпион Шайлообек Атазов.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: