Menu

Видео – Айбек Бузурманкулов: “Биз президенттик же парламенттик системанын бирин тандап алышыбыз керек, биздин бул идеяны бүгүн “Республика” партиясы, кечээ Камчыбек Ташиев колдоп чыгышты”

Бөлүшүү:

“27-апрелде Бишкекте мекенчил-улуттук күчтөрдүн экинчи курултайын өткөрөбүз. Азыр саясый абал аябай чыңалып, ар башка саясый күчтөр ар тарапка тартып турган учурда бул Курултай институту баарынын башын бириктире турган чоң бир саясый аянтчага айланып калды десем мен жаңылышпайм”, – деп билдирди бүгүн, 12-апрелде өткөн маалымат жыйынында Мекенчил-улуттук күчтөрдүн былтыр 24-ноябрда өткөн биринчи курултайынын чечимдерин аткаруу комитетинин орун басары Айбек Бузурманкулов.
“Былтыр биздин 1-курултай да чоң резонанс менен өткөн, ага 47 ар түрдүү коомдук-саясый уюмдардын өкүлдөрү катышышкан. Азыр 2-курултайга андан да көп күчтөр катышат деп ойлойбуз. Ошондой эле бардык күчтөрдү курултайга катышууга, кызматташууга чакырабыз. Конституциялык реформа боюнча бизди бардык саясый күчтөр колдоп жатышат, мисалы, кечээ Камчыбек Ташиев “президенттик же парламенттик системанын бирин тандап алышыбыз керек” деди. Президенттик система болсо анда Америкадагыдай аткаруу бийлигин өзү колуна алыш керек деп жатат. Депутат Руслан Казакбаев да “Бизге мындай башаламан система болбойт экен, аткаруу бийлигин президент өзү, бир адам колго алыш керек экен” деди. Ошондуктан референдум өткөрүп, биз элдин эркин толук билишибиз керек, же президенттик, же парламенттик системаны тандап алышыбыз керек. Биздин бул идеяны “Республика” партиясы бүгүн колдоду, кечээ Камчыбек Ташиев колдогон. Биз референдумга 3 маселени алып чыгалы деп жатабыз: биринчиси, Кыргызстанга президенттик бийлик керекпи же парламенттикпи? Экинчиси, Кыргызстанга Курултай институту керекпи же жокпу? Үчүнчүсү, парламентке шайлоо партиялык тизме мененби же бир мандаттуу округдардан болсунбу? деген. Биз референдум өткөрүү боюнча кол чогулта турган топ Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, расмий күбөлүк алдык”, – деди Айбек Бузурманкулов.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: