Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун канааттандырарлык деп тааныды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү баяндама жасады.
Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны суроо-жооп түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө Өкмөттүн мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери өз багыттары боюнча тийиштүү маалыматтарды беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ