Menu

Экс-судья Мамытов жана алма сабагынан алыс түшпөйт…

Бөлүшүү:

Өткөн саныбызда “экс-судья Эмилбек Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык жоруктарын” ашкерелеген макала жарыялаганбыз. Анда экс-судья Мамытов ишкер Раджаб Абдурасуловду бизнестеги өнөктөштөрү менен кошо чоң суммадагы каражатка сызга отургузганы, 4 кабаттуу офисттик эки имаратты алдамчылык жол менен мыйзамсыз өзүнө жана аялы Чолпон Шаршеновага каттатып алганы жазылган. Ошондой эле жубайы Чолпон Шаршенованын ишкерге телефон чалып, ар кандай сунуштарды айткан жоруктарына да кенен токтолгон элек.

Эми баласы Эмилбек Мырзабек уулунун айрым мыйзамсыз иштери туурасында кеп козгойбуз. Көрсө, экс-судья Эмилбек Мамытов үй-бүлөсү менен мыйзамсыз иштерге аралашып, аны жаап-жашыруу үчүн улам бир мыйзамсыз аракеттерге барууга аргасыз болгонун баамдоо кыйын эмес.

Эгер тергөө аяктап, сотто ишкер экс-судья Мамытовдун финансылык махинациялары, баскынчылык, алдамчылык мыйзамсыз аракеттери далилденип акыйкаттык өкүм сүрсө, бул ишке катыштыгы бар катары баласы Эмилбек уулу Мырзабек дагы жоопкерчилик тартып калышы толук мүмкүн. Анткени Мырзабектин дагы мыйзамсыз иштерге катыштыгы бардыгын тиешелүү органдар иликтеп, тергеп жатат.

Мына учурда экс-судьянын баласы Эмилбек уулу Мырзабек жетектеген компания “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына 6 миллион 200 миң сомго зыян келтирип төлөбөй келет. Бүгүн төлөйм, эртең төлөйм болуп убакытты созуп, кепилдик  кат жазып берип коюп, куйругун карматпай жаткан кези. Мунун кесепетинен Эмилбек уулу Мырзабектин компаниясына темир жол аркылуу жүк ташып иштегенге уруксат берген айрым кызматкерлерге кылмыш иши козголуп, соттолуп кеткени турат. Башкача айтканда, экс-судьянын баласы Мырзабектин мыйзамды сыйлабаган жоопкерчиликсиз мамилесинен башка адамдар залал тартып, тагдырлары талкаланганы жатат. Мындай жагдай экс-судьянын баласын ойлондурган жок өңдөнөт.

Бүгүнкү күндө экс-судья Эмилбек Мамытов баласы Мырзабек экөө “суудан кургак чыгышы” үчүн ар кандай чагымчыл иштерди жасап, өзүн “ак карга” кылып көрсөтүүгө болгон айла-амалдарды колдонуу менен алек. Бирок экс-судьянын алтымыш эшекке жүк болчу амалдарынан майнап чыга элек. Анткени укук коргоо органдары ата-баланын айла-амалдарынан жадап калышкан.

Мына азыркы тапта экс-судья Эмилбек Мамытов менен баласы Эмилбек уулу Мырзабек “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын, ошондой эле ишкер Абдурасуловду гана эмес, казакстандык бир топ ири
компанияларды дагы сызга отургузган. Алардын ата-балага коюп жаткан доосу 10 миллион сомду, АКШ доллары менен алганда 150 миң долларды чапчыйт экен.

Бүгүнкү күндө казакстандык ишкерлер экс-судья менен баласы Эмилбек уулу Мырзабектин үстүнөн сотко арызданышып соттошуп жатат. Казакстандын “Шынгартранс” жана “Блюспарк” фирмалары соттон утушуп, доолорун өндүрүп алуу үчүн Кыргызстандын тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылганы жатышыптыр. Ал эми дагы бир “Исткомтранс” аттуу компания соттошуу алдында турат…

Мындан сырткары, Россиялык ишкер Куриленко Виктор Николаевичге таандык «Меридиан-Логистик» ишканасынын 50 пайыздык үлүшүн Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алган иш да тергелип жатат…

Экинчи тараптын да пикирин угууга даярбыз…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: