Menu

ИИМ: Жалал-Абадда 200 000 сом акча, 600 000 сомдук алтын жасалгаларын уурдаган тоноочулар кармалды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери тоноочулардын тобунун кылмыштуу оюна бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз адамдар тарабынан ишкер аялга карата карачылык жасалган.  Болжол менен саат 18:45 чамасында айылдардын бириндеги көчөдөн азият түспөлүндөгү медициналык бет капчан белгисиз адамдар 40 жаштагы аял кишиге кол салышкан.

Кылмышкерлер өзүнүн курмандыгын аңдып жүргөндөй, ошол күнү ишкер аял үйүнө товарлар жана калган акча каражаты менен келе жаткан учурунда кол салышкан.

Тоноочулар, тапанча менен коркутушуп, физикалык күч колдонушуп, 200 000 сом акча каражаты жана 600 000 сомдук алтын жасалгалары, андан сырткары паспорт жана жеке буюмдары салынган сумкасын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Ал эми, кол салгандар  Хонда-Аккорд же БМВ үлгүсүндөгү автоунаа менен жүрүшү мүмкүн деген маалымат бар болгон. Аталган факты КЖБРге катталып, Сузак РИИБси тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмү (Каракчылык)
боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Ишкерге каракчылык менен кол салган фактыны иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгы киришип, шектүүлөр кайсы багытка кетишкендигин аныктоого мүмкүн болгон. Жакында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын жана Сузак РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери  тоноочулардын кайда жүргөндүгүн аныкташкан.2019-жылдын апрель айында шектүүлөр Бишкектин борборундагы ижарага алган батирлердин биринен кармалышкан.  Кармалган жарандардын бирөөсү  мурда соттолгон  Чүй облусунун Кемин районунун 1982-жылы туулган Т.И аттуу жашоочусу болуп чыкса, экинчиси Бишкек шаарында жашаган 1994-жылы туулган А.А. аттуу жаран болгон.

Кармалган жарандарга кароо жүргүзүү учурунда мурда уурдалган алтын зер буюмдары табылды. Шектүүлөр кийинки ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Сузак РИИБдин КМКсына өткөрүлүп берилди.

Азыркы убакта  кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенүүдө.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: